Арстанбапты жайына койгула: Эң белгилүү кыргыз токою эмне болот?

Кыргызстанда токойлор өлкөнүн алты пайызынан аз аянтты ээлейт. Жакынкы жүз жылда токойлордун аянты мындан да тарышы мүмкүн. Анын себептери — адам баласынын иш-аракеттери жана жер жүзүндөгү климаттын өзгөрүшү.

Материалдын түп нускасы Ливень. Living Asia сайтында жарык көргөн.

Кыргызстан токойлору аз өлкөлөрдүн катарына кирсе да эки миллиондой адам — калктын үчтөн бири — токойлордун жанында жашайт.

Кыргызстанда баарынан арча жана карагай токойлору көп — алар өлкөдөгү бак-дарактардын жарымын түзөт. Ал эми жаңгак токойлору болсо он пайыздан ашпайт. Кыргызстандын эң токойлуу облусу болгон Жалал-Абадда Борбор Азия боюнча белгилүү жаңгак токою, Арстанбап коругу жайгашкан. Бул жаңгак токою өлкөнүн «туристтик жайларынын» бирине айланган.

Арстанбапка байланыштуу көп уламыштар бар. Миң жылдан бери коюу жаңгак токоюнун курчоосунда жашаган Фергана өрөөнүнүн жашоочулары дал ушул жер грек жаңгактарынын мекени деп билишет.

Арстанбап коругу 608,5 миң гектарды ээлеген көп жылдык жаңгак бактары менен белгилүү. Анда сөңгөктүү жана бадал түркүмүндөгү дарактардын 120дан ашык түрү өсөт. Алардын болжолдуу 40 түрү — токойду түзгөн бактар (токойдун тышкы көрүнүшүн аныктайт). Мындай токойлор мамлекет тарабынан корголот.

Картада Арстанбап токою.

Арстанбапта алча, мисте, жаңгак өсөт. Жакынкы айылдардын тургундары токойдун эсебинен күн көрөт. Жаңгак терүү жана иштетүү — алар үчүн акча табуунун саналуу жолдорунун бири.

Жаңгакты кайра иштетүүчү заводдордун биринде иштеген Зинат Мамасалиева «Turmush» басылмасына Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда эле ошондой он өндүрүш бар экенин айтып берди. Алардын ар биринде орточо 20-30 киши иштейт. Эмгек акысы күнүнө 500 сомдон 700 сомго чейин (макала жазылып жаткан учурдагы курс боюнча 7-10 доллар).

Элдин жыргалчылыгы токойдун аман калышынан көз каранды, ал эми токой болсо адамдар пайдалангандыктан жана жер жүзүндөгү аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам жок болуп кетиши ыктымал. Өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат деген ушул.

Кыргызстандагы токойлордун аянты.

Эки эсе азыраак. Жылуулук каптагандан кийин жаңгак токойлору эмне болот?

БУУнун Өнүктүрүү программасынын маалыматына караганда, Кыргызстанда XXI кылымдын аягында температура төрт градуска көтөрүлүшү мүмкүн. Бул өзгөрүш айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна олуттуу таасир тийгизиши ыктымал. Айрым өсүмдүктөр менен жаныбарлар жер которуп же таптакыр жок болуп кетиши да ажеп эмес. Температура бир градуска өзгөргөндө дагы токойлор үчүн аба ырайынын шарттары анча ылайыктуу болбой калат.

Жаратылышта токойдун тараган аянты көп жагдайлардан, анын ичинде аба ырайынан да көз каранды. Аларга жылдык температура жана бир жылдык жаан-чачындын көлөмү кирет. Бул жагдайлар туура айкалышса токой экосистемасы жашап кетиши мүмкүн. Бирок ошол шарттардын бирөө эле өзгөрсө токойлордун аянты да өзгөрөт.

«Токой экосистемасын моделдештирүү абанын жылдык орточо температурасы көтөрүлсө жана токойлорду сактап калып, кайра өстүрүп турбаса алардын аянты азайып кете тургандыгын даана көрсөтүп турат», — Максим Куликов, КР УИАнын Биология жана топурак институтунун аспиранты.
«Токой экосистемасын моделдештирүү абанын жылдык орточо температурасы көтөрүлсө жана токойлорду сактап калып, кайра өстүрүп турбаса алардын аянты азайып кете тургандыгын даана көрсөтүп турат», — Максим Куликов, КР УИАнын Биология жана топурак институтунун аспиранты.

Температура көтөрүлгөн шартта Кыргызстандын түштүгүндөгү токойлордун аянты кантип өзгөрөөрүн карап көргүлө.

les-arslanbob-sejchas

Жаңгак-жемиш токойлору үчүн төп келе турган аба ырайынын шарттарын аныкташ үчүн «Global Forest Change» ресурсунан алардын Кыргызстанда жайылуу картасы алынган.

Ага жылдык орточо жаан-чачындын, орточо жылдык температуранын жана деңиз деңгээлинен бийиктиктин карталарын коюп көрүштү — бул чоңдуктардын айкалышы жаңгак-жемиш токойлору жашай ала турган эң ылайыктуу шарттарды көрсөтө алат.

Орточо жылдык температураны 1-4 градуска көтөргөндө табият шарттарынын өзгөрүшү токойдун аянтын кандай өзгөртөөрүн көрсө болот. Температура бир градуска көтөрүлсө изилденип жаткан райондо токойлордун аянты эки эсе — 10 233 чарчы метрден 4 962 чарчы метрге чейин азайышы мүмкүн экени картадан көрүнүп турат.

Үч эсе аз токой

Кыргызстандын жаңгак токойлору негизинен калк жыш жайгашкан Жалал-Абад жана Ош облустарында болгондуктан аларга адам баласы катуу таасир этет.

«Участоктордун баары бөлүнгөн, кашаа менен тосулган, ижарага берилген, чөп чабылып, мал жайылып жатат. Айбанаттар уруктун баарын тебелеп, чөп чапканда жаңы чыккан чөп да кошо чабылып жатат. Ошондуктан жаңылануу жок», — Георгий Лазьков, КР УИАнын Биология жана топурак институтунун жетектөөчү илимий кызматкери.

Токой браконьерлердин айынан да жабыркап жатат. Жергиликтүү эл жаңгак дарактарына тийбейт, анткени андан киреше алат, бирок башка бактарды отунга кыйып алат. Ошентип бара-бара корукта жаңгак бактары гана калууда.

«Токойду жаңыртуу боюнча иш жүргүзүүнүн зарылдыгы жок, — деп эсептейт Лазьков. — Болгону эле чөп чаппай, жаңгактын баарын терип албай айрымдарын калтырып коюш керек, калганын жаратылыш өзү бүтүрөт. Болгону токойду жайына коюш керек».

Эколог Эмил Шүкүров анчалык оптимисттик маанайда эмес. Анын пикиринде, Арстанбапты жөн эле жайына койгон жетишсиздик кылат.

«Арстанбаптагы токой өзүн өзү жаңыртканга алы келбей калды. Бул бир топ олуттуу маселе, анткени ал жакта мурда жөн гана чарба иштерин чектеп коюу зарыл болчу, бирок эми ал жетишсиздик кылат. Биздин жаңгак токойлорубуз биздин мындан наркы көрө турган күнүбүздүн символу болуп калды», — деп эсептейт ал.

Адам баласынын токойго тийгизген таасири Кыргызстанда акыркы жылдары күч алды — натыйжада токой аянттары 1930-жылдарга салыштырмалуу дээрлик үч эсе азайып кетти.


ТЕМА БОЮНЧА: