Автоунаадан ыргытылган таштанды үчүн 10 миң сом штраф салуу жөнүндө сунуш түшүп жатат

Парламенттин депутаттары автоунаадан таштанды ыргыткан жарандарга 10 миң сом штраф салууну сунуш кылышты. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты.

Автоунаадан «таштанды же дагы башка буюм ыргыткандарга» 10 миң сом штраф салуу боюнча сунуш түшүп жатат.

«Европа жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасы туура эмес жерге таштанды же башка буюмдар ыргытылганы үчүн эбегейсиз чоң штраф салуу эреже бузууну азайтып, дээрлик жок кылаарын көрсөттү», — деп айтылат мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде.

Мындан тышкары, жарандарга таштандыны туура эмес жерде өрттөгөнү үчүн да штраф салуу сунуш кылынат. Штрафтын өлчөмү ошондой эле 10 миң сом болот.

Ири иш-чаралар учурунда аларды уюштуруучулар биокабак орнотууга милдеттенет, эгерде антпесе 100 миң сомго чейин штраф тартат.

Түзөтүүлөр өз имараттарында тазалыкты сактабаган аткаминерлерге да тиешелүү болот. Алар 20 миң сом штраф тартышы мүмкүн.

Мыйзам долбоорунун авторлору анын бузулган учурлары тууралуу кабарлаган мамлекеттик кызматкерлерди «кызыктырып», аларга штрафтын суммасынын 10 пайызын берүүнү сунуш кылышууда. Дагы 20 пайызын милицияга которуу пландалып жатат.

«Чоң өлчөмдөгү штрафтарды киргизүү айлана-чөйрөнү оңдоого, жарандардын тартибин оңдоп, алардын маданий деңгээлин, укуктук аң-сезимин жогорулатууга, укук бузуучулардын эсебинен бюджетти толтурууга өбөлгө түзүүгө тийиш», — деп эсептешет авторлор.


ТЕМА БОЮНЧА: