Латвиялык ишкер Валерий Белоконь Кыргызстандын бийлиги «Манас Банктын» конфискацияланганы үчүн компенсация иретинде 16,5 миллион доллар үчүн соттошуп жатат. Кыргызстан ага бул акчаны төлөп бериши керекпи же жокпу?
Кыргызстандын бийлиги менен Белокондун ортосундагы соттошуу 2010-жылдын апрелинде президент Курманбек Бакиев бийликтен кулатылган соң башталган. Бакиевдин ордуна келген бийлик ишкерге таандык «Манас Банкты» «кылмыштуу кирешени адалдап жатат» деп шектенгендиктен конфискациялап алган.
Кыргыз бийлигинин аракетине макул болбогон Белоконь өкмөттү сотко берип, компенсация иретинде 16,5 миллион доллар талап кылган.
Париждеги соттошуудан кийин, Эл аралык арбитраждык сот Кыргызстан ал акчаны Белоконго төлөп бериши керек деп токтом чыгарган, бирок эки жылдан кийин кыргыз өкмөтүнүн юристтеринин каршы даттануусунан кийин апелляциялык сот ал чечимди жокко чыгарган.
Белоконь дагы эле Кыргызстан ага 16,5 миллион доллар төлөп бериши керек деп эсептейт, анткени анын пикиринде Эл аралык арбитраждык соттун чечимине каршы даттанууга болбойт.
Kloop.kgнин өтүнүчү менен «Прецедент» компаниясынын юристтери бул ишти териштирип көрүштү. Алардын тыянагына ылайык, Кыргызстандын өкмөтү соттун мурдагы чечимин жокко чыгарууга чын эле жетишкен болушу мүмкүн.
Кыргызстандын өкүлдөрү Франциянын Жарандык-процессуалдык кодексинин 1518 жана 1523 беренелерин пайдаланышкан, алар Арбитраждык соттун чечимин жокко чыгарыш үчүн ага каршы даттанууга жол берет.
Бирок андай учурда кыргыз бийлигинин юристтери мурдагы чечимдер эл аралык ченемдерге же Кыргызстандын жалпы тартибине каршы келээрине сотту ынандырышы керек.
Кыргызстандын өкмөтү карамагындагы банкы «кылмыштуу кирешени адалдаган» адамга кыргыз бийлиги акча төлөшү керек болгону коомдук тартипти бузуу деп баса белгилеп келген.
Натыйжада Париждин апелляциялык соту Белоконго 16,5 миллион доллар төлөп берүү жөнүндө чечимди жокко чыгарып, аны 300 миң евро өлчөмүндө Кыргызстандын юристтерге кетирген чыгымын төлөп берүүгө милдеттендирген.
Бирок азырынча Белоконь апелляциялык соттун чечимине каршы даттанабы-жокпу белгисиз. Ал өкүм угузулгандан кийин төрт айга чейинки убакыт ичинде ага каршы даттанууга укугу бар.