Кышкы Азия оюндары: Кыргызстандын курама командасы хоккей турниринин финалына чыкты

Топтук баскычтын үчүнчү матчында Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Катардын таш талканын чыгарып, турнирдин финалына чыкты, ал жактан эми ал Түркмөнстандын курама командасы менен беттешет.

Топтук баскычтын Катарга каршы матчын Кыргызстан 7:2 эсебинде утуп чыкты.

Биринчи мезгилде кыргызстандыктар эки шайба киргизди. Экөөнү тең Олег Колодий өз эсебине кошуп алды.

Экинчи жыйырма мүнөттүк оюнда улуттук курама команда дагы төрт шайба киргизди, бул жолу Нуржан Ибраимов, Владимир Ничипуренко, Антон Кудашев жаа Уран Турсунбеков өзгөчөлөндү.

Жыйынтыктоочу мезгилде Катардын курама командасынын дарбазасына жетинчи шайбаны Уран Турсунбеков киргизди. Беттешүүнүн аягында Катардын командасы кантсе да эки шайба киргизгенге жетишип, матч 7:2 эсебинде аяктады.

Азия оюндарындагы өзүнүн биринчи беттешүүсүн Кыргызстандын курама командасы Кувейтке каршы ойноп, аны 5:0 эсебинде таптаза утуп чыккан. Андан кийин Филиппинге каршы кызыктуу матч болуп, эсеп 10:5 болду.

Кыргызстан 22-февралда Бахрейндин курама командасына каршы ойномок, бирок кайсы бир себептерден улам атаандаштар оюнга келбей калышкан.

Кыргызстандын курама командасы Филиппинге каршы матчта.

Кыргызстан үчүн акыркы атаандаш Катар болчу. А тобунда катары менен үч жеңишке жетишип, улуттук курама команда экинчи дивизиондун турниринин финалына чыкты, ал жакта В тобунун жеңүүчүсү Түркмөнстан менен беттешүү күтүп турат.

Жалпысынан дивизиондо 10 команда бар, алар эки топко бөлүнгөн. Ар бир топтун жеңүүчүлөрү өз ара алтын жана күмүш медаль үчүн ойношот, экинчи орун алгандары коло медаль үчүн ат салышат.

Кыргызстан менен Түркмөнстандын курама командаларынын ортосундагы кышкы Азия оюндарынын хоккей турниринин алтын медалы үчүн матч 26-февралда өтөт.

Саппородогу (Жапония) кышкы Азия оюндары 18-февралда башталып, 26-февралга чейин улантылат. Кыргызстандан бул оюндарга спорттун төрт түрү боюнча 32 спортчу катышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: