«Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин болжолдуу 500дөн 1000ге чейин тарапташы саясатчыны колдоп, Ала Тоо аянтына митингге чыгышты. Митингчилер УКМКдан Текебаевди бошотууну талап кылууда. Текебаевди «Манас» аэропортуна учуп келээри менен кармап, УКМКга алып кетишкен. Бул оппозициячыны колдогон экинчи митинг, биринчиси кечээ 26-февралда УКМКнын алдында өткөн.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ:

БУЛ ШИЛТЕМЕ аркылуу Өмүрбек Текебаевди колдоп чыккандардын митингинен трансляцияны көрсөңүз болот.

Митинг Бишкектеги Ала Тоо аянтында саат 13:00дөн бери болууда. «Ата-Мекендин» депутаты Аида Салянова митинг Текебаев бошотулгуча мөөнөтсүз улантылаарын билдирди.