Митингдин катышуучулары УКМКнын имаратына барышты. Анткени ал жерде оппозициялык «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев бар. Күн бою митинг борбордук Ала Тоо аянтында өтүп, кийин Биринчи май райондук сотунда уланган.

Текебаев 26-февралга караган түнү «Манас» аба майданында «Алдамчылык» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш ишине байланыштуу кармалган. Оппозиция саясатчынын кармалышын «саясий куугунтук» деп эсептейт.

Түз видео трансляция:

Тексттик трансляция:

Текебаевдин кармалышы

Кыргызстандын башкы оппозициячыл саясатчыларынын бири 26-февралда эртең менен «Манас» аба майданына учуп келген жеринен кармалган. Аба майданында депутатты эки автобус толо милиция кызматкерлери күтүп алып, аны УКМКга жеткиришкен. Алар менен кошо аялы Айгүл Текебаева да барган.

Текебаев кармагалганга бир күн калганда, ал Австриядагы жумуш сапарында жүргөн кезде ага каршы прокуратура «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Ал «Мегаком» катары белгилүү болгон «Альфа Телеком» компаниясын башкарууга мүмкүнчүлүк берип, жалпы колдоо көрсөтүшү үчүн орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп айыпталууда.

«Ата Мекендин» депутаттары Текебаевдин кармалышын саясий кысым деп эсептешет.

Оппозициячыл саясатчы президент Алмазбек Атамбаевди эң катуу сындап келаткан адам катары белгилүү. Кармалаар алдында Текебаев президенттин Кипрдеги жашыруун мүлкү тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга даярданып жаткан.