Саламаттык сактоо министрлиги: Илим Карыпбеков жол кырсыгынан кийин өзүнө келди [жаңыртылды]

КТРКнын башчысы 1-мартка караган түнү жол кырсыгына кабылды. Ал көп канын жоготуп, жасалма комага киргизилген. Илим Карыпбеков өзүнө келип, реанимацияда жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Елена Баялинова КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков операциядан кийин өзүнө келгенин айтты. Ал жол кырсыгына кантип кабылганы эсинде жок, биринчи иретте андан башка эч ким жабыр тартпады бекен деп кызыкты. 

Дарыгерлер Карыпбековдун ичине операция жасагандан кийин аны өпкөнү жасалма желдетүү аппаратына туташтырып, медикаментоздук уйкуга бөлөп коюшкан. 

КТРКнын башчысы жол кырсыгынан кийин канын көп жоготуп, геморрагиялык дендароо абалында болгон.

Жол кырсыгынан кийин анын жүрөгү токтоп калган, бирок дарыгерлер аны тирилтип алууга жетишти.

«Ал абдан оор жаракаттарды алган экен, ооруканага баратканда жүрөгү токтоп калган, медициналык тез жардам бригадасы бардык зарыл болгон жан киргизүү иштерин жүргүздү. Алар аны кадимкидей эле наркы дүйнөдөн кайра алып келишти», — деди Саламаттык сактоо министрлигинин ден соолук боюнча кеңешчиси Елена Баялинова.

Жол кырсыгы боюнча билдирүү тез жардам станциясына 03:12де келип түшкөн.

Окуя болгон жерге барган дарыгерлер Карыпбековдун автоунаасы мамыны сүзүп алганын көрүшкөн.

Тез жардам автоунаасы жол кырсыгы болгон жерге 12 мүнөттө жетип барган.

«Автоунаада ал жалгыз болгон. Ал «Рейндж-Ровер» автоунаасын Аалы Токомбаев көчөсү менен чыгышка айдап баратып «Сенатор» кафесинин жанында бордюрдук бөгөттөн ашып барып мамыны түзгөн», — деп билдирди Кайгуул милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жол кырсыгы болгон учурда Илим Карыпбеков соо болчу.


ТЕМА БОЮНЧА: