Түркиянын элчиси: Атамбаевдин кыйраган «Боингдеги» жүк менен байланышы тууралуу документ — «жасалма»

УКМК «Манас» аба майданынын жанында 16-январда кыйрап калган учактын жүгүнө президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси тууралуу «Ата Мекен» партиясынын юристинин билдирүүсүн «таптакыр акылга сыйбаган кеп» деп атады. Түркиянын элчиси Кыргызстандын тышкы иштер министри менен болгон жолугушуда  «Ата Мекендин» юристтери көрсөткөн документтин «жасалма» экенин айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Текебаев жана анын багажы ал «Манас» аба майданында 26-февралда кармалып жатканда тинтүүгө алынган эмес. Атайын кызматтагылар муну аба майданындагы видео камералардан көрсө болоорун айтышты.

«Эгерде УКМК кайсы бир “документти” алгысы келсе, тергөөчүлөр Текебаевдин өзүн жана анын жеке багажын тинтүүгө алмак», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Басма сөз кызматы Текебаев УКМКга жеткирилээри менен аны аялы менен беттештирип, ал ага бардык жеке буюмдарын өткөрүп бергенин билдирди.

Мекеме «Ата Мекен» партиясынын юристтеринин билдирүүсүн «тергөөнү жалган нукта алып кетүү» жана «тергөөгө басым көрсөтүү» аракети деп атады.

ТИМдин башчысы Эрлан Абдылдаев. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин сайты.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 1-мартта Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч менен жолугушуп, Токтакуновага Түркиянын атайын кызматтары бериши мүмкүн болгон документтер тууралуу оюн айтышын өтүндү.

«Бул жасалма, “фейк”, болбогон нерсе. Түркиянын атайын кызматтары антип иштебейт, анан калса өз логотиптери бар документтерди эч кимге бербейт», — деген түрк элчисинин сөзүнөн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы үзүндү келтирет.

Элчи ошондой эле кимдир бирөө Түркияны Кыргызстандын бийлиги менен оппозициясынын ортосундагы териштирүүгө тарткысы келип жаткан болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын башчысы Алмаз Үсөнов Токтакунованын билдирүүсүн «жалган маалымат» деп атады. Анын пикиринде, «Ата Мекен» партиясынын юристтери тергөөгө басым көрсөтүүгө аракет кылышууда.

Текебаевдин юристтери көрсөткөн документтер.

«Ата Мекен» партиясынын юристи Талаайгүл Токтакунова 1-марттагы басма сөз жыйынында Түркиянын атайын кызматтарынан алынды делген кагазды журналисттерге көрсөткөн.

Анын айтымында, документте «Манас» аба майданынын жанындагы Дача-СУ кыштагына кулап түшкөн «Боинг-747деги» жүк президент Алмазбек Атамбаевге жана анын жубайына таандык экени айтылат. Анда учак кырсыгынан 39 адам каза тапкан.

Токтакунованын билдирүүсүнө караганда, Текебаев дал ушул кагаздын айынан кармалган. Анткени ал акыркы айларда учактын кулашын катуу изилдеп, анын ээлерин табуу боюнча иш-аракеттер менен алек болгон.

Юрист белгилегенине караганда, Текебаев далилдерди парламентте көрсөтүүгө аракет кылып, бирок күтүүсүздөн кармалып калгандыктан бул ишке ашпай калган.

Атайын кызматтар Текебаевди 26-февраль күнү таң эрте «Манас» аэропортунда «Алдамчылык» жана «Коррупция» иши боюнча кармап, кылмыш ишин козгогон.

Оппозициячы 2010-жылдын революциясынан кийин орусиялык ишкер Леонид Маевскийден «Мегаком» уюк операторун башкарууга жол бериш үчүн 1 миллион доллар алган деп шек саналууда.


ТЕМА БОЮНЧА: