Мурдагы депутат Баяхуновду 16 миллион сомду ээлеп алды деп айыптагандарды милиция издеп жүрөт

КСДПнын мурдагы депутаты Нурмахаммат Баяхуновду 16 миллион сомду ээлеп алды деп күнөөлөгөн «Нур-Күч» майыптар бирикмесинин үч мүчөсүнө милиция издөө жарыялады. Алар ага акчаны социалдык турак жай салына турган 81 гектар жер үчүн беришкенин айтып келишкен.

Чүй облусунун ИИБи «Нур-Күч» майыптар бирикмесинин юристи Лейла Назгүл Сейитбекти, анын күйөөсү Зальзар Темиралиевди жана бирикменин мүчөсү Намысбек Турсунбаевди издеп жүрөт. Милиция аларды ири өлчөмдө алдамчылык кылды деп шектенүүдө.

16 миллион сомдун уурдалышы

«Нур-Күч» бирикмесинин мүчөлөрү 2015-жылы ноябрдын аягында Баяхунов алар менен көп кабаттуу үй салыш үчүн 81 гектар жер бөлүп берүү жөнүндө келишим түзгөнүн айтышкан. Ошол учурда ал Ново-Покровка айылынын башчысы болчу.

Алардын айтымында, аткаминер жерди курулуш үчүн трансформациялоого кеткен айыл чарба чыгымдарын компенсациялаш үчүн алардан акча сураган.

Бирикме мүчөлөрүнүн айтымында, алар Баяхуновго акчаны 2015-жылдын февралында беришкен, аткаминер болсо жерди бөлүп берүү жөнүндө макулдашууга кол коюп, дүмүрчөк жазып берип, мөөр басып кол койгон.

Өз кезегинде депутат акча алганын танып, документтердин аныктыгын жокко чыгарган.

Бирикме мүчөлөрүнүн айтымында, келишим түзүлгөндөн кийин уюмдун башчысы Нурлан Үсөновду жергиликтүү милиция куугунтуктай баштаган. Чүй облустук ИИБнин башчылары басма сөз жыйынын өткөрүп, Үсөновду жана «Нур-Күчтү» алдамчылык үчүн айыпташкан.

2015-жылдын май айында Үсөновго каршы кылмыш иши козголгон. Ага «Нур-Күчтүн» жабыркады деген мүчөлөрүнүн арыздары негиз болгон.

Бирикменин юристи Лейла Назгүл Сейитбек ал кезде арыздан жалган экенин — арыз ээлеринин көпчүлүгү бирикмеге мүчө болбогонун, калгандарына орган кызматкерлери басым көрсөтүшкөнүн айткан.

Кылмыш иши

Өткөрүлүп берилген акчанын жоголгону тууралуу 2015-жылдын декабрында Каржы полициясы «Алдамчылык» жана «Документтерди бурмалоо» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Фигуранттардын бири Баяхунов болгон.

Кылмыш ишине карабастан, 2016-жылдын октябрында аткаминер КСДПнын атынан депутат болуп шайланган. КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов ал кезде Баяхунов акчаны ээлеп алууга жана жер менен болгон алдамчылыкка тиешеси жок деп билдирген.

2016-жылдын декабрынын аягында ИИБ Баяхунов фигурант болгон кылмыш иши кылмыш курамы жоктугунан жабылганын билдирген.

Үч айча парламент депутаты болуп иштеген соң быйыл январда Баяхунов депутаттык кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетти. Жардамчысы Баяхунов мандатын өз ыктыяры менен тапшырганы тууралуу арыз жазганын айткан, бирок мындай чечимдин себебин айткан эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: