Борбор калаадагы күнөскананын курулганына 70 жыл болду. Эскирген күнөсканада өз ишине катуу берилген беш киши Кыргызстандын флорасына мүнөздүү болбогон тропикалык өсүмдүктөрдү карашат. Өйдө-ылдый аба ырайынан улам күнөскана имараты жараксыз абалга кептелген, ал эми аны оңдоого каражат жок.

Күнөскана 1947-жылы салынган. 70 жыл ичинде аны үстүртөн эле оңдоп-түзөп келатышат.

Тропикалык өсүмдүктөр көп суу ичет. Ал эми аба ырайынын өйдө-ылдый боло бергенинен күнөскана имараты жараксыз абалга келип калган.

Күнөскананын жетекчиси, биология илимдердин кандидаты Ирина Бондарцованын айтымында, мамлекетке бир нече жолу арыз жазып, капиталдык ремонт кылууга жардам сурап кайрылган. Бирок гүл жана жасалга өсүмдүктөр лабораториясын (күнөскананын расмий аталышы) караганга каражат берилген эмес.

Оңдоп-түзөө үчүн акча иштеп табуу дээрлик мүмкүн эмес: күнөсканага кирүү баасы 25 сом, бул жерге болсо студенттер менен окуучулар эле киришет. Күнөскананы караганга кошумча каражатка ээ болуш үчүн кызматкерлер ар кайсы өсүмдүктөрдүн уруктарын жана көчөттөрүн сатышат.

Лабораторияда беш кызматкер иштегенине карабастан — агротехник, лаборант жана үч илимий кызматкер — алар күнөсканага сейрек кездешкен өсүмдүктөрдү алып келип өстүрүп жатышат. Алар өз күнөсканасын «шаардын өпкөсү» деп атап алышкан.

Илимдер академиясы менен ботаникалык бакчанын жетекчилиги күнөскананы кароого кичине каражат бөлүшөт. Алар жылуулукка жана кичине оңдоп-түзөөгө деп каражат бөлүм беришет. Күнөскана, андан тышкары, мэрия менен кызматташат, бирок муниципалитет аны шаардын балансына өткөрүп алганга күчү жетпейт.

Күнөсканадагы беш киши өсүмдүктөрдүн 550 түрүн эгип, өстүрүп кароонун эбин тапкан. Андагы бай флоранын ичинде күнөскана менен жашы тең дарактар, кактустар, жемиш бактары жана сейрек кездешкен гүлдөр бар.

Өсүмдүктөрдүн коллекциясы жыл сайын толукталып, бирок, күнөскананын кызматкерлери моюндашкандай, чын-чынында жай тар болгонуна карабастан, өсүп жатат.

Өлкөбүздүн ар бир жараны бул өсүмдүктөр менен таанышышы үчүн биз аларды себебиз. Ар бир эле адам башка өлкөлөргө барып, мына ушундай өсүмдүктөрдү көргөнгө мүмкүнчүлүгү жок да», — дейт Ирина Бондарцова.

Күнөскананын жетекчиси коллективи канчалык аракет кылбасын, бирок өсүмдүктөргө бул жер тардык кылып жатканын айтып арызданат.

«Кээ бир түрлөрүн кесип салууга туура келет, анткени алар тар жерде башкаларга тоскоол болбошу керек», — дейт Бондарцова.

Күнөскана жылуулук үчүн төлөсө да имарат эски болгондуктан кышындасы жетиштүү деңгээлде жылуу эмес. Мындан улам суукта айрым тропикалык өсүмдүктөр куурап калат.

«Мындай өсүмдүктөр өзү жыл бою +20 градус жана андан жылуу температурада өсөт. Бизде кээде кышындасы катуу суук болуп, карапалар жерге тоңуп калат. Ошондуктан өсүмдүктөргө кыйын, алар менен бирге биз да кыйналабыз», — дейт жетекчи.

Күнөскананын кызматкерлерине кыйын, анткени алар үчүн ар бир отургузулган өсүмдүк наристе сыяктуу. Ошого бул күнөсканага башкалар көңүл буруп, алар кастарлап өстүрүп жаткан флоранын 550 түрүн сактап калууга жардам берет деген үмүттө.

Ботаникалык бакча Илимдер академиясынын институттарынын бири болуп эсептелет. Ал эми бакчада жайгашкан бул күнөскана болсо биринен экинчисине өткөн үч кичинекей күнөсканадан турат.

Күнөсканадагы дарактар коллекциянын бир бөлүгү болуп саналат жана гүлдөрдү сактоого жардам берет. Өсүмдүктөр коллекциясы ар кандай болгондуктан, бирине күн керек болсо, башкасына дарактардын көлөкөсү керек.

Дарактар менен бадалдар бардык өсүмдүктөр үчүн белгилүү бир микроклиматты түзүп, өзүнчө бир ландшафт болуп саналат.

Совет учурунда күнөсканада 15 жумушчу жана 15 илимий кызматкер эмгектенген. Учурда жалпы беш эле киши иштейт.


ТЕМА БОЮНЧА: