Ысыккөлдүк Данияр Жолдошбеков бала кезинде чуркап ойногонго караганда кино көргөндү артык көрчү. Ал актёр же режиссёр болгусу келип, дайыма сүрөт тартаар эле. Кийинчерээк сүрөтчүлүк өнөр аны толугу менен өзүнө арбап алган.

Данияр өз өнөрүн ар кандай жанрларда сынап көргөн ― ал Ван Гогдун чыгармаларын көчүрүп, кыргыз саясатчыларына азил сүрөт тартып, кыяматтан кийинки Бишкек тууралуу ой жоруп, азыр болсо «Манас» эпосунун негизинде комикстердин үстүндө иштеп жатат.

Азил сүрөт тартуу.

Данияр 27 жашта. Ал Ысык-Көлдүн жээгиндеги Оргочор айылында туулуп өскөн.

Беш жаш чамасында Данияр колуна карандаш алып эле сүрөт тартып кирген. Айылдагы үйүндө анын эски сүрөттөрү дагы эле бар.

Биринчи альбомго эмне тартылганы Даниярдын эсинде деле жок. Бирок ал жакта Теодор Герцендин иштеринен көчүрүлгөн Манастын сүрөттөрү сөзсүз бар — Данияр үчүн Манас алигүнчө эң мыкты баатыр бойдон келатат. Балким ошондон улам ал «кыргыз супермени» тууралуу комикстерге киришсе керек.

«Манас» эпосу Даниярды бала кезинен бери шыктандырат.

Данияр үйдөн, мектеп-интернаттан кызыгып сүрөт тартып жүрүп, 16 жашында Бишкекке көркөм сүрөт коллежине окууга тапшырганы кеткен. Коллежди ийгиликтүү аяктап, ал Улуттук көркөм сүрөт академиясында живопись факультетин да окуп бүтүрдү.

Жан бакканга акча табыш үчүн Данияр табыштама менен сүрөт тарта баштаган. Биринчи эмгеги үчүн эки миң сом алганын эмгиче унутпайт. Ал досунун чоң атасынын сүрөтү болчу. Азыр ал бир күндө 15 миң сом таба алат. Анын иштеринин орточо баасы 3500-4000 сом турат.

Ага белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин көчүрмөлөрүн көп тарттырышат. Көбүнчө Винсент Ван Гог менен Пабло Пикассонун эмгектери. Мындай иштин баасы көлөмүнө жараша болот. Мисалы 1,5х2 метрлик сүрөт 200 долларга жакын турат.

Анын эң кымбат автордук иши «Токтогулдун камалышы» болгон. Сүрөтчү аны 500 долларга саткан. Азыр ал Жогорку Кеңеште илинип турат.

Тарыхый сүрөттөрдү тартууну Данияр өзүнүн өнөр жаатындагы чакан вазыйпасы деп эсептейт. Анын портфолиосунда азырынча андай сүрөттөрдөн экөө — «Токтогулдун камалышы» жана 1916-жылдын окуяларына арналган «Үркүн». Бул сүрөттү ал жарым жыл тарткан.

«Үркүн» сүрөтү.

«Адамдар сүрөттө кантип кетиши керек экенин, баласы бар аялдын бети кандай болушу керек экенин түшүнүш үчүн жүздөгөн эскиздер жасалган. Мен күнү-түнү композициянын баарын түзүп чыктым. Сүрөттү баштаарда мен өз сомолорумду кичине форматтагы чиймеге көчүрүп чыгып жаттым», — деп эскерет сүрөтчү.

Бул сүрөттөгү негизги жагдай — чындыкка укмуштуудай жакындыгы. Ал адамдарды кандай болсо ошондой түрүндө, фотосүрөтчүгө окшоп сезимдери менен кошо берген.

«Үркүн» сүрөтү үчүн образдарды Данияр Жолдошбеков тарыхый булактардан издеп, ал эми холст менен кыл калемдин жардамы менен алардын ички уйгу-туйгусун берип чыккан.

«Мен түстөргө карайм. “Үркүн” сыяктуу сүрөттөрдө башкысы ― түсү. Ал трагедияга бап келиши керек. Сүрөттө киргилт-бозомтук түс жалпы фон болуп турат. Ал сүрөткө кошумча драма берип турат», ― дейт Данияр.

«Токтогулдун камалышы» сүрөтү.

«Токтогулдун камалышы» сүрөтүн Жолдошбеков Көркөм сүрөт академиясынын 4-курсунда окуп жатканда тарткан. Бул иштин жаралыш тарыхы сүрөтчү Илья Репин менен байланыштуу.

«Мен Репиндин "Үгүтчүнүн камалышы" аттуу эмгегин көрүп, өзүм да ошондой бир нерсе жаратайын дедим. Менин сүрөттөрүмдө Репинден бир нерсе бар. Ал менин сүйүктүү сүрөтчүм. "Токтогулдун камалышы" "Үгүтчүнүн камалышына" окшош. Мен аны жашырбайм деле. Ошондой чыгып калды, анткен менен сүрөтүм ойлонууга түрткү берген сүрөт болду».

Эгерде анын картиналарын рентген-аппараттан өткөрсө, ал жерден эч нерсе көрүнбөйт. Данияр эч кандай белгилерди калтырбайт. Бирок кээде анын сүрөттөрүнүн астынан жашыруун сүрөттөрдү байкаса болот.

«Бул холстту үнөмдөө. Эгерде мага сүрөт жакпай калса, анда мен анын үстүнө башка сүрөт тартам».

Даниярдын иштеринин арасында үчүнчү тарыхый сүрөт — «1916-жылдагы көтөрүлүш».

Алмазбек Атамбаевге азил сүрөт.

Даниярды шыктандыргандар Репин, Ван Гог жана Герцен гана эмес. Америкалык иллюстратор-карикатурачы Жейсон Сейлердин иштери аны азил сүрөттөрдү тартууга түрткөн.

Даниярдын иштеринде ар кайсы кыргыз саясатчыларын көрсө болот. Алардын арасында Алмазбек Атамбаев, Камчыбек Ташиев, Курманбек Бакиев бар. Сүрөтчүнүн айтымында, баарынан Өмүрбек Бабановго азил сүрөт тартыш кыйын болгон ― анткени анын кебетеси олуттуу.

«Эч кандай коммерциялык табыштама жок. Ырас, бир жолу жергиликтүү гезиттердин бири Атамбаевге тарткан азил сүрөтүмдү өз макаласына колдонгон. Бийлик эч нерсе деген жок. Кийинки иштердин арасында Дональд Трамп бар. Мен аны АКШда жашаган кишинин табыштамасы боюнча жасадым», ― дейт Данияр.

Ырас, азыр сүрөтчү убактысынын баарын Манас тууралуу комикстерге жумшап жаткан кези. Кыл калемдин ордуна ал Photoshop менен планшет колдоно баштаган. Көнүмүш «эмгек куралдарынан» скетч-бук гана калган.

Азыр Данияр комикс каармандарынын кийимдеринин эскизин иштеп чыгып, Манастын соот-чопкутун тартып жатат. Планшеттен буга чейин жүздөн ашуун эскиз жок кылынган.

Даниярга космос, кыяматтан кийинки жашоо жана келечек дүйнөсү эргүү тартуулайт.

Даниярдын айрым санариптик иштери космоско, келечек дүйнөсүнө жана кыяматтан кийинки турмушка арналган. Ал Photoshop редакторунда тынбай отуруп, футуристтик пейзаждарда өз көз карашын чагылдырат.

Данияр иштен жана чыгармачылыктан бош убакытта окуган фантастикалык китептерден эргүү алат.

Данияр Жолдошбеков өзүнүн эң атактуу сүрөтү деп Голливуд кинолору боюча тартылган «Abandoned Bishkek city»/«Postapocalypto» («Ээн калган Бишкек»/«Кыяматтан кийин») концепт-артын эсептейт.

Иллюстрация беш жыл мурун Даниярдын альбомунда тартылган. Бирок санариптик форматта сүрөт коомдук түйүндөрдө былтыр жыл аягында пайда болгон.

Кыяматтан кийинки Бишкек.

Кыямат тууралуу ишке сүрөтчү эки күн короткон. Сүрөттүн түп нускасына Photoshopтун жардам менен автоунаалар, өсүмдүктөр жайгаштырылган. Баарынан дагы Данияр «Кыргызтелекомдун» имаратындагы даттын изин тартып жатып кыйналган.

Данияр жалгыз фантастикалык концепт-арт менен токтоп калгысы келбейт. Ал парламент имаратындагы башка планеталыктардын согушун тарткысы келет. Мындан тышкары, сүрөтчү Бишкектин келечектеги көрүнүшүн чагылдыргысы бар.

Данияр Жолдошбеков сүрөтчү катары тынымсыз изденип келет. Жакында кубизм стилинде тарта баштады. Сюрреализмди да байкаштырып көрө турган ою бар.

Даниярдын жаңы максаты — эми ал бала кезиндеги кыялын ишке ашырып, өз фантастикалык фильмин тартып, Жеймс Кэмерон менен иштешүүнү каалайт.

Сүрөт: Рустем Ильясов


ТЕМА БОЮНЧА: