«Кабель уурдалгандыктан» түндүк облустардын тургундарында 7 саат бою интернет болгон жок

Интернет-кабель «уурдалып» кеткен соң Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тургундары дээрлик 8 саат бою интернети жок отурушту.

«Кыргызтелекомдогулар» кабарлагандай, «байланыштын үзүлүшүнө» электр өткөрүүчү зымдардан интернет-кабель кесилип алынганы себеп болгон.

Нарын, Ысык-Көл облустарынын абоненттери жана Чүй облусунун интернет колдонуучуларынын бир бөлүгү эртең мененки 4:37ден тартып интернети жок калышты.

Жумушчулар бригадасы байланышты түшкө жакын гана, 12:18де калыбына келтире алды.

«Кыргызтелекомдун» инженери Айгерим Эсенкадыр кызы Kloop.kgге зымдар чын эле белгисиз адамдар тарабынан бузулганын айтты.

Компания укук коргоо органдарына уурулук фактысы боюнча кайрылган-кайрылбаганы азырынча белгисиз.


ТЕМА БОЮНЧА: