Бишкек: Мэриянын басма сөз борборунун жетекчиси Гуля Алмамбетова мэрдин өтүнүчү менен кызматтан кетти

Бишкек мэриясынын басма сөз борборунун жетекчиси Гуля Алмамбетова өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Алмамбетова өзү кабарлагандай, мындай кадамга барууну мэр Албек Ибраимов өзү сунуш кылган.

Бишкек мэри Албек Ибраимовдун айтымында, муниципалитеттин басма сөз борборуна пиартехнолог эмес, масс-медиа боюнча адис керек.

«Ал менин кыйын саясий технолог экенимди жана президенттик кампаниялар менен алектенишим керек экенин айтты. Ага болсо жөнөкөй медиа адис керек экен. Мен иштерди өткөрүп берүү үчүн өргүүнү эске алып арыз жазайын десем, ал баш тартып койду», — деди Алмамбетова.

Ошондуктан Алмамбетова өз ыктыяры менен арыз жазган. Ал фэйсбукта пост жазып, бишкектиктер менен коштошту.

Алмамбетова мэриянын басма сөз борборун эки мэрдин, Кубанычбек Кулматовдун жана Албек Ибраимовдун тушунда башкарып турган.

Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов.

Көпчүлүк ЖМКнын өкүлдөрү Алмамбетованын кызматтан кеткенине нааразы болгон. Алардын пикири боюнча, мэрия Алмамбетованын кетиши менен өз жүзүнөн жана жакшы адисинен кол жууп калат. Аны колдоп коомдук желелерде #Вернитегулю жана #Гулямыстобой хэштэгдери пайда болду.


ТЕМА БОЮНЧА: