Бишкек: Эки аял Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин тоноп кетти

Бишкекте эки белгисиз аял Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Леонид Тузовдун батирин тоноп кетти.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Леонид Тузовго кол салуу жөнүндө билдирүү 13-мартта эртең менен келип түшкөн.

Жабыркаган адамдын өз сөзүнө караганда, анын батиринин эшигин орто жаштагы аял такылдаткан. Ал кош бойлуу экенин айтып, дааратканага кирип алууну суранган. Ардагер аны үйгө кое бергенде артынан дагы бир аял кирип келген.

Ал экөө ардагерди байлап салып, анын акчасын, согуштук жана мамлекеттик сыйлыктарын алып кетип калышкан. Ардагер байланган боюнча калган, бирок кийинчерээк бошонуп, жардамга чакырууга жараган.

Милиция кылмыш ишин козгош үчүн зарыл иштерди аткарып жатат. Аялдардын кылганы азырына «Карактоо» деп классификацияланууда.

ИИМдегилер кол салган аялдардын белгилери маалым экенин, алардын сырткы көрүнүшү сүрөттөлгөнүн жана аларга издөө салынганын билдиришти.


ТЕМА БОЮНЧА: