ИИМ коомдук желелердеги «тыюу салынган» материалдар үчүн кылмыш жазасына тарткысы келет

Ички иштер министрлиги тыюу салынган материалдарды чыгарып таратканы үчүн сайттардын ээлерин жана коомдук түйүндөрдүн колдонуучуларын жоопкерчиликке тарткысы келет. Буга ИИМ диний экстремизм, ырайымсыздык жана порнографияны пропаганда кылган материалдарды киргизет.

ИИМдин басма сөз борборунан кабарлашкандай, бир гана видео үчүн эмес, сүрөт жана текст түрүндөгү материалдар үчүн да жоопкерчиликке тартат.

Кылмыш кодексинде жазылгандай, ЖМК менен коомдук желелерде терроризмге чакыргандарга эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

«Эгерде мындай материалдарды таратуу жана агитация кылуу фактысы аныкталса, алар сотто каралып, ал эми сайттар жабылып, тосмолонот, ээлери болсо жазага тартылат», — деди ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Эрнис Осмонбаев.

ИИМ кылмыш жоопкерчилигинин киргизилгенин башка өлкөлөрдө да мындай практика бар экени менен түшүндүрүүдө. Дагы бир себеби — жаштардык коопсуздугу.

«Азыр жаштар интернеттен пайдалана алышат. Алар кандайдыр бир таш боордук тартылган видеону, экстремисттердин видеосун оңой эле көрө алышат. Мунун баары балдардын адеп-ахлагына, психикасына таасир этиши мүмкүн», — деп түшүндүрдү Осмонбаев.

Басма сөз борборунун кызматкеринин айтымында, мекеме белгилүү бир сайттарга эле эмес, жалпы кыргыз маалымат талаасына, анын ичинде коомдук желелерге да көзөмөл салат.

«Эгерде, мисалы, порнографиялык сайттар пайда боло турган болсо, биз аларды дароо жабабыз. Бир гана чет өлкөдөгү сайттар калат. Мындай операцияларга жооптуу болгон ИИМдин бөлүмдөрүнүн бири аныктап изилдейт. Мыйзам бузгандардын канча мөөнөткө камалышы сотто чечилет», — деди Осмонбаев.

«ИИМ сөз эркиндигин чектеген жок»

«Прецедент» компаниясынын юристи Фатима Якупбаеванын пикири боюнча, ИИМдин иш-аракеттери сөз эркиндигин чектебейт.

«ИИМдин иш-аракеттерин мыйзамсыз деп атоого болбойт. Менин оюмча, бул сөз эркиндигин чектөө эмес. Сөз эркиндиги деген — чектелген укук. Белгилүү бир маалыматты таратканга болбойт. Алар шарттуу түрдө чектерди белгилеп коюшту: терроризм, экстремизм, кастыкты жана жек көрүүчүлүктү козутуу», — деди юрист.

Фатима Якупбаеванын айтымында, терроризмге чакыруу, терроризмди кубаттоо, оюн-зоок жайын интернет аркылуу уюштуруу, интернет аркылуу кастыкты козутуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартканга болот.

Юристтердин сөзү боюнча, мыйзамдарда порнография менен экстремизмди пропаганда кылуу үчүн эрежелер бар. Экстремисттик материалдарды жайылткандарды аңдып, аныктап чыгуу боюнча ИИМдин 10-бөлүмү алектенет.

Укук коргоочу Рита Карасартованын пикиринде, тыюу салынган материалдарга көзөмөл салуу — бул террористтик коркунучтун алдын алуу үчүн кадимкидей эле жараян.

«Бирок маанилүүсү, муну кыянат пайдаланып кетпеши керек. Сөзсүз түрдө экстермисттик уюмдар менен экстермисттик адабияттардын тизмесин түзүп чыгып, аларды илип коюш керек. Адамдар кайсы адабияттка лайк баспаш керек экенин, эмнени бөлүшпөш керек экенин билиши керек», — деди ал.

Кыргызстанда экстремисттик деп табылып тыюу салынган материалдардын толук тизмеси Адилет министрлигинин сайтында сайтында бар.

Сөз эркиндигине басым жасоо

ИИМ интернетте тыюу салынган материалдарды жайылтуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу ыктымалдыгы тууралуу сөз эркиндигине басым жасалышынын шартында билдирүүдө.

«Порнографияны» жарыялоого, коомдук желелердин колдонуучуларына сөгүнүүгө, «экстремисттик» материалдарды таратууга, жана «такталбаган маалыматтарды» жарыялоого тыюу салууга 2017-жылдын март айынын башында аракет кылышкан.

Анда парламент депутаттары — социал-демократ Дастан Бекешев жана республикачылар Алтынай Өмүрбекова менен Акылбек Жамангулов — коомдук талкууга «блогерлер жөнүндөгү» мыйзам долбоорун алып чыгышкан.

Мыйзам долбоору коомдук түйүндөрдө миң жана андан көп жазылуучуга ээ болгон колдонуучуларды бир нече эрежелерге баш ийүүгө милдеттендирген. Мыйзам бир гана «экстремисттик материалдарды» эле таратууга тыюу салбастан, ошондой эле колдонуучулар анонимдүүлүктөн кол жууп, байланыш номерлерин көрсөтүүгө жана ондогон башка эрежелерге баш ийүүгө милдеттендирген.

Мыйзамга баш ийбегендерге беш миңден 100 миң сомго чейин штраф салуу каралган. Мыйзам долбоору коомчулуктун сын-пикиринен улам талкуудан алынып салынган.

Кыргызстандыктар бул мыйзам ЖМКга жана интернет колдонуучуларга басым жасоо үчүн пайдаланылып калышы мүмкүн деп эсептешкен. Бирок демилгечи депутаттар «мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга» убада беришкен.

2017-жылдын февраль айында башкы прокуратура жашы жете электерге зыян тийгизген сайттарга бөгөт коюу талабы менен Октябрь райондук сотуна доо арыз берген. Мындай чечим «Көк жаян» оюнунун айланасындагы дүрбөлөңдөн кийин кабыл алынган.

Өз аракеттерин башкы прокуратура «маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун» керек экени менен түшүндүргөн. Бирок мекеме кайсы сайттардын тосмолонушу керек экенин айтуудан баш тарткан.

«Көк жаян» — коомдук желелер аркылуу тарап, өспүрүмдөрдү өзүн-өзү өлтүрүүгө үндөп жатат делген оюн. Бирок, ошол эле убакта, ИИМ бир нече жолу билдигендей, өлкөдө бул оюнга байланыштуу өспүрүмдөр арасында бир дагы суицид катталган эмес.

2012-жылдын сентябрь айында да «экстремисттик» материалдарды камтыган сайттарды бөгөтөөнү ИИМ сунуш кылган болчу.

Анда айрым медиа-эксперттер менен укук коргоочулар мындай аракеттер сөз эркиндигин чектеши мүмкүн деген пикирлерин билдиришкен.

Авторлошу: Александра Титова


ТЕМА БОЮНЧА: