«Бир жолу мени ала качып кетишти…» Бегайымдын окуясы

Бегайым 18 жаштагы кезинде аны ала качып кетүүгө аракет кылышкан. Күйөө бала болчу жигит аны ала качып кетип, байлап алып, зордуктап салган. Анын окуясы — «Бир жолу мени ала качып кетишти» түрмөгүндөгү кезектеги бап.

Долбоордун автору жана сүрөтчү: Татьяна Зеленская. Монтаж жана анимация: Егор Танков. Баяндоо автордун атынан жүргүзүлөт.

Бегайым 18 жашында туугандарына учурашканы барган. Бирок барса туугандарынын бири аны өз таанышына ала качып бермекчи болгон экен. Кызды байлап алып зордуктап салышкан — ал учурда үй-бүлө «майрамдаганы» даярданып жаткан.

Жыныстык зомбулук — кызга кысым көрсөтүүнүн дагы бир түрү. Күйөө бала жана анын туугандары зордуктоодон кийин болочок келин үйүнө кайтып баргандан уялат деп үмүттөнүшөт.

Бактыга жараша, Бегайымдын үй-бүлөсү андай көз караштардан жогору болуп чыкты. Атасы эмне болгонун билээри менен эч ойлонуп отурбастан келип кызын куткарып алган.

Башка бирөөлөрдү мындай каргаша сындырып деле салмак, бирок Бегайым бул окуядан кийин ого бетер чыйралып чыкты. Азыр ал кулчулукка каршы күрөшкөн укук коргоочу уюмда иштейт.

Бул окуянын мааниси: ала качуу — туугандар тарабынан көндүрүү, жоолук жана тааныбаган күйөө бала гана эмес. Бул зомбулук — кээде жыныстык да зомбулук. Мен билгенден, ала качууга туш болгон ар бир алтынчы кыз зордуктоого дуушар болот.

Ала качуу

Күн сайын өлкө боюнча 10дон 30га чейин кыз ала качууга туш болушат. Акыйкатчы институтунун расмий маалыматына ылайык, жыл сайын Кыргызстанда 8000 кыз ала качууга туш болуп, алардын 20 пайызы гана ала качкан жигит менен турмуш куруудан баш тартышат.

Никеге туруш үчүн кыз ала качуу 2012-жылдын декабрынан тартып кылмыш жообуна тарта турган иш болуп калган. Андан бери кыз ала качуу үчүн 7 жылга эркинен ажыратуу каралып келет. Бирок андан бери бүтүндөй 2015-жылы болгону 25 кылмыш иши козголгон.

Аялдардын укуктарын коргоо жаатындагы эксперттер кыздардын «жаңы» үй-бүлөлөрдө калышынын негизги себеби — улуулардын басымы деп эсептешет.


ТЕМА БОЮНЧА: