Президент Алмазбек Атамбаев неберелүү болду

Президенттин кенже кызы Алия Шагиева 20-мартта уулдуу болду.

Президент аппаратынын басма сөз борборунун жетекчиси Алмаз Үсөнов наристенин жарык дүйнөгө келгени тууралуу маалыматты ырастады.

Март айынын башында кош бойлуу Шагиева ич кийимчен сүрөтүн жарыялаган болчу. Анда бул сүрөт коомдук түйүндөрдө катуу талкууга алынган.

Айрым колдонуучулар аны өтө ачык сүрөткө түшкөн дешсе, кээ бири анын кош бойлуулук мөөнөтүнө кызыгышкан. Анткени Шагиева сентябрда баш кошуп, ал эми март айында көз жарып жатат.

Шагиева өзүнүн «Инстаграмында» жазгандай, мындай сүрөткө түшкөн «уят» деп айткан адамдар акылдуураак болушу керек.

«Менин дарегиме "Сойкуга окшошуп калыптырсың!" [...] деген билдирүүлөр келди. Менин денем — жыныстык кумарды баалоого негиз эмес жана эгерде силер сүрөттө кумардуу, уят ишарат көрүп жатсаңар — ал силердин мүшкүлүңөр, анткени мен сүрөттө боюмда бар экени көрүнүп турат», — деп жазды ал.

Часть 1 (продолжение в следующей публикации, сюда текст не помещается). Про фото, которое вызвало мощнейшие ментальные взрывы в анальных отверстиях многих жителей нашей колоритной страны, про объективизацию (опредмечивание) женщин и про термин "шлюха". Комментарии закрываю по следующим причинам: 1. Речь будет идти об обязательстве каждого уважать ПРАВА женщин и никаким сомнениям не подлежит; 2. Речь будет идти о недостатках патриархального общества и может быть воспринята мужчинами как попытка обвинить их в чем-то, но это вовсе не так, мы все являемся заложниками общества, в котором выросли. Я никого не обвиняю, я лишь призываю всех нас работать над своим сознанием; 3. Текст может затронуть чувства глубоко консервативных, не способных вылезти из своего интеллектуального болота людей, что приведёт к лишним спорам, переходящим рамки объективности; 4. Текст может затронуть чувства религиозных фанатиков, которые начнут оставлять после себя куски фекалий даже не прочитав текста. Итак, почему я "не постеснялась" выложить это фото, несмотря на то, что "это неприлично" и почему всем людям, задавшим этот вопрос, стоит быть умнее? Понятие "выглядеть нескромно" представляет собой часть социальной структуры, пришедшей к нам вместе с патриархальными устоями. В Викторианскую эпоху, например, было нескромно показывать лодыжки, в каких-то странах это "неприлично" и в нашем веке.

A post shared by Шагиева Алия (@homesickbluess) on

Шагиева былтыр күзүндө бишкектик программист Константин Рязановго турмушка чыккан.

Орусиянын ELLE журналы менен болгон маекте Шагиева үй-бүлөсүнүн макулдугу менен турмушка чыкканын айткан.

«Мамиле абдан-абдан жакшы болду. Ата-энем эки жылдан бери Костяны билишет, аны эмгиче жакшы көрүп калышты», — деген ал.

Анын айтымында, күйөөсү 1992-жылы Бишкекте туулган. Алия менен ал интернетте төрт жыл мурун таанышкан. Аанд ал 20 жашта, кыз болсо 15 жашта болчу.


ТЕМА БОЮНЧА: