Мэрия 5 миллион евро насыяга жаңы троллейбустарды сатып алат

Бишкек мэриясы апрелдин башында жаңы троллейбустарды сатып алуу үчүн тендер жарыялайт. Аларды сатып алуу үчүн Кыргызстан 5 миллион евро насыя алган.

Мэриянын транспорт бөлүмүнүн жетекчиси Юрий Бедаштын айтымында, троллейбустарды сатып алуу үчүн Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан акча алынат.

«Азыр каржы министрлиги насыяны мэрияга өткөрүп берүү үчүн субнасыялык макулдашууга кол коюп жатат. Тендердик документтер макулдашылып жатат. Троллейбустарды сатып алууга тендер эки аптанын ичинде жарыяланат», — деди ал.

Буга чейин бийликтегилер 50 троллейбус сатып алмак болгонун айтышкан. Алар «Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү» долбоору боюнча алынат, долбоор 2012-жылы башталган.

Жаңы троллейбустардан тышкары бийликтегилер жол кире төлөөнүн автоматташтырылган системасын иштеп чыгып, троллейбустарды тейлөө үчүн жаңы жабдыктарды сатып алышы керек.

Бул үчүн Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы өлкөгө 8,5 миллион евро бөлүп берген. Анын ичинен 5 миллион евросун Кыргызстан беш жылдан кийин төлөп бериши керек.

Учурда Бишкекте бул долбоор боюнча сатылып алынган 79 троллейбус жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: