Бишкектин автобус жана троллейбустарында Wi-Fi орнотулат

Бишкектин коомдук транспортторунда Wi-Fi роутерлер, мониторлор жана GPS-навигаторлор орнотулду. Февраль ичи аппаратура текшерилип, автобус жана троллейбустарда бекер интернет март айынан тарта иштей баштайт.

Акысыз Wi-Fi менен мониторлор бардык троллейбустарда орнотулду: алардын Бишкекте жалпы саны 105ти түзөт.

Андан тышкары дагы 96 автобуста Wi-Fi роутерлер менен GPS-навигаторлор орнотулду.

Бул коомдук транспорттордо бекер интернет алгачкы жолу коюлуп жаткан учур эмес.

2016-жылдын декабрында Ош шаарына бекер Wi-Fi жана электрондук билет эсептөөчү автобустар алынып келген. Жаңы автобустар кичи автобустарынын ордуна киргизилип, шаардагы кыймылды жеңилдеткен.

Ал эми 2016-жылдын апрель айында Tez компаниясы Бишкектин үч троллейбусуна Wi-Fi орноткон.

Бишкек мэри Албек Ибраимов 2016-жылдын декабрь айында өткөргөн өзүнүн басма сөз жыйынында борбор калаадагы автобус менен троллейбустардын санын көбөйтүүгө убада берген.


ТЕМА БОЮНЧА: