Өзгөн району: Алты адамдан турган үй-бүлө көчкүдөн набыт болду

Ош облусунун Ничке-Сай айылында көчкү бир үйдү басып калып, натыйжада алты адам каза болгон. Куткаруучулар улам түшкөн көчкүгө байланыштуу алардын сөөгүн алып чыга алышкан эмес.

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ничке-Сай айылында 15 метр бийиктиктеги көчкү төрт үйдү басып калган.

Үч үйдө эч ким болгон эмес. Ал эми төртүнчү үйдө алты адамдан турган үй-бүлө болгон. Жолдошу, аялы жана 2ден 8 жашка чейинки төрт баласы көчкү алдында калып набыт болушкан.

Айылдагы жалпы беш үйдүн төртөөсүн көчкү басып жок болгон. Дагы бир үйдүн тургундары эвакуациялаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, улам түшкөн көчкүгө байланыштуу куткаруучулар каза болгондордун сөөктөрүн алып чыга албай жатышат.

«Ничке-Сай айылы Өзгөн районунун борборунан 31 километр алыс жайгашканы да кырдаалды оорлоштурууда. Бул аймакка баруу кыйын, жолдун көпчүлүк бөлүгүн аттар менен басып өтүш керек», — деп кабарлашты мекемедегилер.

ӨКМ кабарлагандай, набыт болгон үй-бүлө эки бөлмөлүү жер тамды мыйзамсыз куруп алган. Өткөн жылдын күз мезгилинде алар көчүп кетиши керек болчу, бирок алар өз каалоосу менен Ничке-Сай айылында кыштоого калып калышкан.

Президент Алмазбек Атамбаев көчкүнүн кесепеттерин жоюу боюнча тапшырма берип, окуя болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Байболов менен Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов жөнөп кеткен.

Өзгөн: жер көчкү жолду басып калды, эч ким жабыркаган жок

Мурдараак ӨКМ бул аймакта көчкү жүрүшү мүмкүн экенин айтып, бийликке кооптуу аймактагы жашоочуларды көчүрүү тапшырамасын берген.

Үстүбүздөгү жылдын март айынын башында Өзгөн районунда көчкү түшүп, жолду жаап калган. Анда эч ким каза болгон эмес жана куткаруучулар кооптуу аймакта жашаган он үй-бүлөсү эвакуациалаган.

Сүрөт: ӨКМ