Орусияда коррупцияга каршы митингде жүздөгөн адамдар кармалды

Russian opposition leader Alexei Navalny, center, and his wife Yulia, left, take part in a march in memory of opposition leader Boris Nemtsov in Moscow, Russia, Sunday, Feb. 26, 2017. Thousands of Russians take to the streets of downtown Moscow to mark two years since Nemtsov was gunned down outside the Kremlin. (AP Photo/Pavel Golovkin)

Миңдеген орусиялыктар оппозициячы Алексей Навальный уюштурган «Димон жооп берет (Димон ответит)» коррупцияга каршы митингине чыгышты. Орусиянын 84 шаарынын жашоочулары Кремлден Навальныйдын премьер-министр Дмитрий Медведевдин миллиондогон каражатты чапчыган мүлкү тууралуу иликтөөсүнө жооп беришин талап кылып жатышат. Милиция Навальный менен кошо Орусиянын башка шаарларында дагы жүздөгөн адамдарды кармаган.

Ушул күнгө карата эң маанилүүсү:

  • Коррупцияга каршы митингдердин уюштуруучусу Алексей Навальный соттун чечими чыкканган чейин кармалган. Ал «коомдук тартипти бузууга алып келген жарандардын массалык чогулушун уюштуруу» боюнча айыпталып жатат. Навальный 15 күнгө чейин камалышы мүмкүн. Анын кармалышы боюнча соттук отурум 27-мартта өтөт.
  • Коррупция менен күрөшүү фондунун бардык кызматкерлери кармалган. Алар полициянын мыйзамдуу аракеттерине моюн сунбоо боюнча айыпталып жатышат.
  • Орусиянын көпчүлүк шаарларында митингдер аяктаган. Ар кандай маалыматтар боюнча, митингдерде 8ден 20 миңге чейин адам катышкан.
  • Милициянын расмий маалыматы боюнча, Москвада 785 демонстрант кармалган, Санкт-Петербургда — 50, Махачкалада — 156, Владивостокто — жок эле дегенде 40, Түштүк-Сахалинскте жок эле дегенде 14, Амурдагы Комсомольскто — 6, Хабаровскто — 5, Екатеринбургда, алдын ала маалыматтар боюнча 7 митингчи кармалган.
  • Өлкөнүн башкы телеканалдарында Орусиянын ар кайсы шаарларында өткөн митингдер жөнүндө эч нерсе кабарланган эмес. Биринчи канал менен Россия 1де фильмдер менен сериалдарды көрсөтүшсө, НТВ менен Россия 24тө нааразылык акциялары тууралуу айтылбай эле башка жаңылыктар көрсөтүлгөн.
  • Орусиянын расмий бийлиги Навальныйдын премьер-министр Медведевдин миллиондогон мүлкү тууралуу иликтөөсү боюнча суроолорго жооп бере элек.