Сузак: Жер көчкү коркунучунан улам сегиз үй-бүлө мажбурлап көчүрүлөт

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коркунучтуу жерден сегиз үй-бүлө мажбурлап көчүрүлөт. Кызыл-Суу жана Кызыл-Көл айылдарынын тургундары үйлөрүн өз ыктыяры менен таштап кетүүдөн баш тартып келишкен.

Райондун администрациясы жер көчкү коркунучу бар аймактан 80 түтүн кишини көчүрүп кетүү зарыл экенин билдирген. Бирок эскертүүлөргө карабастан тургундар үйлөрүнөн кетүүдөн баш тартышкан.

Жалал-Абад облустук соту 21 үй-бүлөгө көчүү зарылдыгы жок, ал эми сегиз үй-бүлөнү мажбурлап көчүрүш керек деген чечим чыгарды. Калган үй-бүлөлөрдү көчүрүү маселеси карала элек.

Мурда, 2017-жылдын 13-мартында, ӨКМ Сузак районунда жер көчө баштаганын жана 10 үй коркунучтуу зонада экенин билдирген.

ӨКМ үй ээлери эчак эле коркунуч тууралуу эскертилгенин кабарлаган. 1994-жылы алар мамлекеттен башка жакка үй салыш үчүн акча алышкан. Бирок акча алгандан кийин мурунку жеринде жашап кала беришкен экен.

Өзгөн районунда 26-мартта жер көчкүнүн астында калып алты кишиден турган үй-бүлө жок болгон. Каза тапкан үй-бүлө коркунучтуу зонада мыйзамсыз үй куруп, ал бүт бойдон көчкүнүн алдында калган.

2017-жылдын башынан тартып Кыргызстан боюнча 17 жер көчкү катталган. Жалпы өлкө боюнча он миңден ашуун коркунучтуу участоктор бар, алардын ичинен төрт миңден ашыгы калктуу конуштарга коркунуч келтирип турат.

Коркунуч туудурган жерлер баарынан да Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында көп.


ТЕМА БОЮНЧА: