Икрамжан Илмиянов көк бөрү федерациясынын башчысы болуп шайланды

Президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов көк бөрү федерациясынын башчысы болуп калды. Бул кызматка ал жалгыз талапкер болгон.

Көк бөрү федерациясынын президенттигине эки талапкер — «Республика-Ата-Журт» партиясынан Бактыбек Райымкулов менен Илмиянов — ат салышкан.

Бирок Райымкулов шайлоонун алдында өз талапкерлигин алып таштап, Илмиянов бул кызматка өзү жалгыз талапкер болуп калган.

Көк бөрү федерациясынын президентин шайлоо ар төрт жыл сайын өтүп турат. Федерациянын мурдагы башчысы Канатбек Исаев бул жолкусунда талапкерлигин койгон эмес.

Аталган федерация быйылкы Нооруз майрамында өткөрүлгөн оюндары менен коомчулуктун көңүлүн бурган.

Анда «Ак-Кула» ипподромундагы ат оюндарын көрүш үчүн келген адамдарга орун жетишпей, алар түркүккө чыгып алып көрүшкөнүн милиция жөнгө сала албай койгон.

Кийинчерээк ИИМ көк бөрү федерациясын иш-чараны начар уюштуруу жана «билети жокторду» стадионго киргизүү боюнча айыптаган.

Икрамжан Илмиянов деген ким?

Илмиянов өз карьерасын Алмазбек Атамбаевге тиешелүү «Кыргызавтомаш» ишканасында айдоочу болуп баштаган. 2009-жылга чейин ошол кезде оппозицияда жүргөн Атамбаевдин айдоочусу болуп иштеген.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин ал Убактылуу өкмөттүн премьер-министринин жардамчысы болуп иштеген. 2011-жылдагы президенттик шайлоодон кийин ал президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.

Ал «Вечерний Бишкек» басылмасын «рейдерлик жол менен» тартып алды деген дооматтардын шартында 2015-жылдын жазында бул кызматын тапшырган.

2015-жылы Атамбаев Илмияновду өзүнүн кеңешчиси кылып дайындаган. Бул кызматта Илмиянов 2016-жылдын октябрына чейин иштеген. Анын бул кызматтан кетишине расмий түрдө «башка ишке которулганы» себеп болгон.