Базар-Коргон: Текебаевдин тарапкерлери эки күн бою Бишкек-Ош жолунда митинг өткөрүшүүдө

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылында камактагы оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери Бишкек-Ош жолунун боюнда жөө жүрүш өткөрүштү.

Текебаевдин тарапкерлери Базар-Коргон районунун Акман айылында 6- жана 7-апрелде депутат Өмүрбек Текебаевди колдоп митингге чыгышты. Акман айылы — оппозициячынын туулган жери.

«Ата Мекен» партиясынын өкүлү Алмаз Мустапакулов акциянын катышуучуларынын негизги талабы — саясий туткундарды, анын ичинде Текебаевди бошотуу экенин айтты.

Анын сөзүнө караганда, 6-апрелдеги жөө жүрүшкө 100гө жакын киши катышты. Алар Бишкек-Ош жолу менен Жалал-Абадды көздөй эки чакырымча басышты.

Айрымдарынын колунда «Бийлик, өзүңдү ойлобой элди ойло», «Текебаевден колуңду тарт» жана «Атамбаев, мыйзамды бузба» деген ураандар болду.

«Баары тынч өттү. Жол жабылган жок, эч ким тартип бузган жок», — деди ал.

Нааразылык акциясынын катышуучуларын милиция коштоп жүрдү.

Бүгүнкү митингге 20дай киши чогулуп, боз үйлөрдүн жанында ураандар менен турушат жана оппозициячыны бошотууну талап кылышууда.

Акмандагы мөөнөтсүз митингдер Өмүрбек Текебаевдин кармалышынан улам башталган жана бир айдан ашуун убакыттан бери өтүп жатат. Бишкек-Ош жолунун боюнда эки боз үй тигилген.

Текебаевдин кармалышы

Өмүрбек Текебаев 26-февралга караган түнү «Манас» аба майданында кармалган. Андан бир күн мурда саясатчыга каршы орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызына байланыштуу «Алдамчылык» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ишкер 2010-жылы «Мегаком» уюк компаниясын башкарууга жеткилик алыш үчүн оппозициячыга миллион доллар пара бергенин билдирген.

Текебаев кармалгандан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилген, ошол эле күнү ал жерден депутаттын тарапкерлери аны бошотууну талап кылып митинг башташкан.

Нааразылык акцияларына карабастан, сот Текебаевди 25-апрелге чейин камакта калтырган.

Сүрөт: «Турмуш»


ТЕМА БОЮНЧА: