«Дордой» базарында калктын аяр катмары үчүн борбор ачылды

Борбор бул райондо жашаган 45 жакыр үй-бүлөгө гуманитардык жардам берет. Мэрия мындай борборлор мамлекеттик органдардын беделин көтөрөт деп үмүт кылат.

«Дордой» базарынын администрациясы жайгашкан имараттан Бишкек мэриясы кабинет бөлүп берди. Анда социалдык кызматкерлер колунда жок адамдарга мамлекеттен кантип жардам алыш керек экенин түшүндүрүп, кеп-кеңештерди беришет.

Консультациялар ар бейшемби күндөрү саат 11:00дөн 14:00гө чейин берилет.

Ошол эле жерде жакыр үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана кийим түрүндөгү гуманитардык жардамдар берилет.

«Дордой» базарындагы борбор калктын аяр катмары борбордук башкармалыкка барып отурбай эле ошол жерден кеңештерди жана жардамдарды алуусу үчүн ачылган.

Эми соцкызматкерлер өз бөлмөлөрүндө эле эмес, жер-жерлерде да иштейт. Бийлик мындай кадамдар мамлекеттик органдардын беделин көтөрөт деп ишенет.


ТЕМА БОЮНЧА: