Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күндүн ысып кеткенине байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү күтүлүп жатканын эскертти.
Кар көчкү 8инен 10-апрелге чейин жүрүшү мүмкүн.
Кар көчкү түшүшү ыктымал болгон аймакка кирип баратканда автомобилдер ортодогу 500 метр аралыкты сакташы керек.
Кооптуу аймактарга Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугат жана Сөөк автожолдору кирет.
Бишкек-Ош:
- Төө-Ашуунун 121-138 километри;
- Ала-Бел, 98-265 км (Чычкан капчыгайы);
- Көк-Бел 351-365 км (Чычкан капчыгайы);
- Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу жолунун 65-110 км;
- Ала-Бука–Каныш-Кыя 65-97 км;
- Красная Горка–Ак-Таш 1-9 км;
- Казарман–Актал-Чат 18-20 жана 67-94 км (Кара-Көө ашуусу);
- Ийри-Суу аймагы 42-44 км.
Бишкек–Нарын–Торугарт:
- Долон 289-291 жана 297-298 км;
- Арал–Миң-Куш 1-10 км;
- Каракол–Эңилчек 45-92 км (Чоң-Ашуу);
- Барскоон–Ак-Шыйрак 60-68 км (Барскоон ашуусу менен Сөөк автожолу).