«Алиби» гезитинин башкы редакторунун аялы УКМКга талоончулук тууралуу иш боюнча суракка чакырылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери оппозициячыл «Алиби» гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбековдун үйүнө келип, анын аялын суракка чакырышты. УКМК суракка Жээнбеков да чакырылганын, анткени ал аялы экөө 2010-жылдагы талоончулук боюнча күбө катары өтүп жатышканын билдирди.

УКМКнын кызматкерлери Жээнбековдун үйүнө 13-апрелде эртең менен келишти. Алар Бабырбек Жээнбековдун аялы Таалайгүл Абдрасулованы алып кеткенге аракет кылышты.

Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков Kloop.kg менен болгон маекте энеси УКМКга суракка барбаганын, анткени адвокаты болбогонун билдирди.

«УКМК кызматкерлери келди, чакыруу кагазы жок. Алар орой деле сүйлөшкөн жок, баары сылык болду, аны суракка 14-апрелге чакырышты. Сурактын себебин билбейбиз», — деди ал.

Анын айтымында, үй-бүлөсүнө УКМК кызыгып жатканын ал өз кишилеринен бир жума мурун билген. Равшан Жээнбеков атайын кызмат өкүлдөрүнүн аракеттери анын атасы оппозициячыл «Алиби» гезитин кайра чыгарып жатканы менен байланыштуу деп эсептейт.

Оппозициячы Адил Турдукулов атайын кызматтын аракеттерин оппозицияга, атап айтканда Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө көрсөтүлгөн кысым деп баалады.

«Жакында эле "Алиби" гезитинин жаңы саны чыккан, ал жакта курч материалдар бар болчу. Албетте, ушул сан чыккандан кийин суракка чакырып жатышса бул шек туудурат», — деди Kloop.kg менен маекте Турдукулов.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Kloop.kg менен болгон маекте ал иштеген мекеме суракка Абдрасулованы гана эмес, Бабырбек Жээнбековду да чакырганын кабарлады.

«Жээнбековдун аялы жана өзү 2010-жылдагы талоончулук боюнча суракка чакырылып жатат, алар бул иш боюнча күбө болуп эсептелет. Башкы прокуратура бул ишти бизге тапшырды, биз аткарып жатабыз», — деди Сулайманов.

«Алиби» гезити 2004-жылы негизделип, кыргыз тилинде жума сайын 2015-жылга чейин чыгып келген. Эки жыл иштебей жаткан гезит кайрадан чыгарыла баштады. Гезиттин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков.


ТЕМА БОЮНЧА: