Бишкек: Мэрия Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратын 120 миллион сомго оңдойт

Бишкек мэриясы Башкы прокуратуранын 2010-жылдын апрелинде өрттөнүп кеткен имаратын башынан оңдотуш үчүн тендер жарыялады. Оңдоо иштерине 120 миллион сом сарпталат.

Мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги  Башкы прокуратуранын имараты быйыл эле оңдолоорун билдирди.  

Имаратты калыбына келтирүүгө мэрия 120 миллион сом бөлүп берет. Мурдагы Башкы прокуратуранын имаратынын жалпы аянты төрт миң чарчы метрден ашат.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Койчугул Ибраимовдун айтымында, имараттын конструкциясы бекемделип, чатыры, тосмолору, ички жана тышкы бөлүктөрү оңдолот.

Ибраимов бул имарат оңдолуп бүткөндөн кийин аны ким ээлей тургандыгы белгисиз экенин айтты. Ар кайсы малыматтар боюнча ал жакта мэрия өзү же шаардык кеңеш жайгашышы мүмкүн.

2016-жылдын февралында Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын ордунда мрамор менен тышталган соода же кеңсе борборун ачуу сунуш кылынган.

Бирок шаардык кеңеш ошол бойдон долбоордун каржылоо булагын аныктай албай коюп, имарат мурунку кейпинде калган.

Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылдын апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүш убагында талкаланып, өрттөнүп кеткен.

Ошондон кийин Башкы прокуратура Жогорку соттун имаратына көчүп барган. 2013-жылы өлкөнүн башкы көзөмөл органы качкын президент Аскар Акаевдин мурдагы китепканасына көчүп кирген.


ТЕМА БОЮНЧА: