Мээси чайкалып, бычак жегендер: Алты окуучу мушташтан кийин ооруканага түштү

Чүй облусунун Кайыңды айылында жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) кийин 14-апрелде орто мектептердин 15-16 окуучусу мушташа кеткен. Алты окуучу ооруканага жеткирилген. Милиция кылмыш ишин козгоду.

Чүй облусунун ШИИБнин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, жергиликтүү мектептердин окуучулар №1 Кайыңды орто мектебинде тест тапшырышкан. Тесттен кийин алар көчөгө чыгып, өрт өчүрүүчү бөлүктү жанында мушташа кетишкен. Милиция мушташтын себеби окуучулардын жеке мамилеси болгон деп эсептейт.

Натыйжада 16 жаштан 18 жашка чейинки алты окуучу ар кандай жарадар болуп ооруканага жаткырылып, калгандары Панфилов районунун милициясына жеткирилген.

Үч окуучуга амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Баарынын эти жанчылган, бир баланын жамбашы кесилип, башка окуучунун жаагы сынган.

Дагы үч өспүрүм хирургиялык бөлүмгө жаткырылган. Алардын ар бири башынан жаракат алып, эти көгөрүп, мээси чайкалган. Андан тышкары, бирөө бычак жеген.

Азыр ооруканада эки окуучу дарылануусун улантып жатат.

Панфилов районунун милициясы «Ээн баштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.


ТЕМА БОЮНЧА: