Текебаев 25-майга чейин камакта калат

Сот «Ата Мекен» партиясынын башчысы жана оппозициячы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду 25-майга чейин камакта калтырды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кабарлашынча, тергөөдө чогулган далилдердин негизинде Текебаев менен Чотоновго «Коррупция» беренеси боюнча айып тагылган.

Биринчи май райондук соту Текебаев менен Чотоновдун абак мөөнөтүн 25-майга чейин узарткан. Алар УКМКнын тергөө изоляторунда кармалат.

Оппозициячы жана «Ата Мекен» партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев 26-февраль күнү «Манас» аэропортунда кармалган. Андан бир күн мурда Текебаевге каршы «Алдамчылык» жана «Коррупция» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин козголушуна орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызы себеп болгон.

Маевскийдин ишендиришинче, «Мегаком» компаниясын башкарууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн ал 2010-жылы Текебаевдин колуна бир миллион доллар берген.

Чотонов болсо, тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев менен Маевскийдин ортосунда ортомчулук кылган.

Саясатчынын тарапташтары Бишкекте да, Ош жана Жалал-Абад облустарында да бир канча күн катары менен митинг өткөрүшкөн. Оппозиция Текебаевдин камалышын «саясий куугунтук» деп атап жатат.

Оппозициянын нааразычылыгына карабастан Биринчи май райондук соту Текебаевди 27-февраль күнү эки айга камакка алган.

Саясатчынын адвокаттары Текебаевдин камалышын 29-мартта шаардык жана Жогорку сотторго даттанууга аракет кылышкан. Бирок чечим ошол бойдон калтырылган.

Анда Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева кабарлагандай, Текебаевдин адвокаты камакка алуу боюнча даттануу арызын кечиктиргендиктен улам соттук коллегия көзөмөл өндүрүштү кыскарткан.


ТЕМА БОЮНЧА: