Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Ата Мекендин» мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновго каршы талоончулук боюнча козголгон ишти иликтеп бүтүп калды. Мурдагы депутат каракчылыкты уюштуруу жана курал-жарак сактоо боюнча айыпталып жатат.
УКМК Төлөгөновго каршы козголгон ишти иликтеп бүтүп, Башкы прокуратурага жиберди.
Мурдагы депутат Райкан Төлөгөнов тоноону уюштуруу, мүлктү атайылап жок кылууну жана бүлдүрүүнү уюштуруу, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз сатып алуу, өткөрүп берүү, сатуу жана сактоо боюнча айыпталып жатат.
Атайын кызматтардын версиясы боюнча, мурдагы депутат 2010-жылы кеңселерди, турак үйлөрдү, анын ичинде бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин мүлкүн тоногон топко жетекчилик кылган.
«Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөнов 28-мартта кармалып, тергөө аяктагыча ТИЗОго камалган.
2013-жылы Райкан Төлөгөновго каршы ушундай эле кылмыш иши козголуп, ал боюнча «Ата Мекендин» башка да депутаттарынын — Турат Мадылбековдун, Болот Шердин жана Өмүрбек Текебаевдин аттары аталган. Анда кылмыш иши токтотулган. Райкан Төлөгөнов «Ата Мекен» партиясынан 2015-жылы чыгып кеткен.
ТЕМА БОЮНЧА:
- Мурдагы депутат Төлөгөновдун уулу: атайын кызмат агама кысым көрсөтүп, Текебаевге каршы көрсөтмө алгысы келип жатат
- «Алиби» гезитинин башкы редакторунун аялы УКМКга талоончулук тууралуу иш боюнча суракка чакырылды