Парламент депутаттары саясатчылар, аткаминерлер жана муниципалдык кызматкерлер менен байланышкан компаниялардын мамлекеттик сатып алууга катышуусуна тыюу салгысы келип жатышат. «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзамга киргизиле турган түзөтүү коомдук талкууга жөнөтүлдү.
Азыр саясатчы, мамлекеттик аткаминер же муниципалдык кызматкер акциясынын 20 пайыздан ашыгына ээлик кылбаган компаниялар тендерлерге катыша алат. Депутаттар бул ченемди алып таштоону сунуш кылышууда.
Эгерде түзөтүү кабыл алынса, анда акциясынын үлүшүнө мамлекеттик аткаминер, муниципалдык кызматкер жана/же саясатчы ээлик кылган фирма-жеткирүүчү/жалдануучу мамлекеттик сатып алууга катыша албайт.
Тендерлерге мамлекеттик кызмат ээлеп турган адамдардын туугандарына таандык болгон компаниялар да катыша албайт.
Мыйзамдын демилгечилери мындай жол менен кызыкчылыктардын кагылышына, коррупциялык бузумдарга жана мамлекеттик акчанын уурдалышына бөгөт койгусу келип жатышканын түшүндүрүштү.
«Мамлекеттик органдардын ишинде дагы эле коррупцияга эң көп дуушар болгон тармактардын бири болгон мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзамдар жаатында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан мыйзам көп бузулуп жатат», — деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.
«Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзамга киргизиле турган түзөтүү коомдук талкууга чыгарылды.
ТЕМА БОЮНЧА:
- Мамлекеттик сатып алуу департаменти 1 миллион сомго чейинки сатып алууну тендерсиз эле жүргүзүүнү сунуш кылып жатат
- «Cryщенное молоко»: Мамлекеттик сатып алуудагы коррупция боюнча «нускама»