Мурдагы депутат жана укук коргоочу Чолпон Жакупова сөз эркиндигине арналган форумда президент Алмазбек Атамбаевди сынга алган.

Башкы прокуратура укук коргоочу Чолпон Жакупованы жана «Заноза» басылмасын президенттин «ар-намысын кордоду» деп айыптап, аларга каршы доо арыз берди. Башкы көзөмөл органынын дооматы эмнеге негизделет?

Башкы прокуратура «Заноза» басылмасынын сайтындагы «Чолпон Жакупова: Пора приструнить человека с маниакальными наклонностями» («Чолпон Жакупова: Маниакалдык мандеми бар кишинин тизгинин тарта турган учур келди») аттуу макаланын текстин чындыкка туура келбейт деп табууну талап кылууда.

Бул материалда сөз эркиндигине арналган форумда укук коргоочу Чолпон Жакупованын президентти сындаган сөзү жарыяланган.

Башкы көзөмөл органы Жакупованын билдирүүлөрүн жана материалдын өзүн президент Алмазбек Атамбаевди «кемсинтет жана анын ар-намысына шек келтирет» деп, ар бир жоопкерден 3 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

Башкы прокуратуранын доо арызынын өзү Жакупованын Атамбаевди сындаган сөзүн талдоого негизделген.

Сот экспертизаларынын мамлекеттик борбору (СЭМБ) тарабынан жүргүзүлгөн талдоодо эмне деп айтылат?

Жакупованын сүйлөгөн сөзүнө лингвисттердин берген жалпы баасы:

«[…] кептин стилистикалык түзүлүшү сезим-экспрессия элементтерин, какшык менен такмазаны камтыйт. Сөздөр менен айтылыштардын лексикалык-семантикалык жана контекстуалдык талдоосу алар терс маалыматты алып жүрөөрүн көрсөткөн. Сөздөр жана айтылыштар президенттин атынын тегерегинде терс коомдук пикир жаратуу, ошондой эле кырдаалды кызытуу максатында колдонулган».

«Сезим-экспрессия элементтери»

Экспертизага ылайык, алар Жакупованын төмөнкү сөздөрүндө бар:

– «чыркыраган»;
– «бул акмакчылыкка баа коюп, баа бериш керек»;
– «акмакчылык»;
– «укуктук чектен ашуу»;
– «зордук»;
– «мен кыжырым өтө кайнаганын айткым келет».

СЭМБдин пикиринде, бул сөздөр менен Жакупова «сезим курчуган кырдаал» жаратып, «өзүнүн терс сезимдердеги абалын көрсөтөт».

Эксперттер Жакупова «бүт өлкө жана көптөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жөн гана жеке өч алуунун барымтасында калышты» деген сөзү аркылуу Атамбаевди ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу үчүн күнөөлөгөн деп эсептешет.

«Бул аркылуу автор “бүгүнкү абалга” ат үстүнөн баа берип жатат. Ал эми бүгүнкү абал, автордун пикиринде — бул президент, ал “ошолордун айынан энеси өлүп, үй-бүлөсү жабыркаган…” үчүн өч алып жаткан имиш», — деп жазылат доо арызда.

Президент Алмазбек Атамбаев энеси «журналисттердин, жалаанын айынан» өлүп калганы үчүн ЖМКны далай жолу күнөөлөгөн.

«Какшык жана такмаза»

Эксперттердин пикиринде, Жакупова Башкы прокуратурага карата төмөнкүлөрдү айтып жатып какшык менен такмазаны колдонот:

– «сөөмөй кезеп»;
– «ыракым этиңиздер»;
– «эмгек этип коюңузчу»;
– «акыры аягы окуңуз да».

Экспертиза борбору Жакупова сүйлөмдөрдө төмөнкү сөздөрдү колдонуп, Атамбаев мыйзам буза тургандыгына «ишенээрин билдирет» деп эсептейт:

«[…] сөөмөй кезеп айтса: Урматтуу мамлекеттин биринчи адамы, ырахым этиңиз, эмгек этип акыры ушу Конституцияны бир окуп коюңузчу. Сиз соттордун чечими тууралуу күн мурунтан көрсөтмө берүүгө акыңыз барбы? Кечирип гана коюңуз, бул түздөн түз таасир, бул сот системасына кысым».

«Мазактоо»

Мамлекеттик эксперттер Жакупованын бир нече сөзүн «мазактоо» деп эсептешет.

Бул сөздөр Конституцияга түзөтүүлөрдү кабыл алуунун контекстинде:

– «сиз өзүңүз күчкө салып сүйрөп кирдиңиз»;
– «Конституцияны […] күчкө салып сүйрөп киришти»;
– «ушул өлкөнүн жарандарынын баарын зордуктап»;
– «качанкыга чейин ушундай болот, бизди жарандык согушка сүйрөп баратышпайбы».

Бул сөздөр Атамбаевге укук коргоочу берген мүнөздөмөнүн контекстинде:

– «өч алуу маниясы»;
– «оорукчан адаттар»;
– «ыйык денеси»;
– «маниакалдык өнөкөттөрү бар инсан»;
– «террор»;
– «маньяк».

«Жүргүзүлгөн лингвистикалык талдоо боюнча президенттин ар-намысын мазактаган маалымат президент өз ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланганы тууралуу өтмө идеядан көрүнөт», — деп тыянак чыгарат Соттук экспертиза борбору.

Чолпон Жакупова «Бир Бол» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон.

Жакупова доо арызга каршы даттанат

Укук коргоочу Kloop.kg менен болгон маекте соттун чечимине каршы даттанаарын, анткени ал «өтө одоно процессуалдык бузумдар менен» чыгарылганын айтты.

Анын сөзүнө караганда, сотчу аны кабардар кылып, иш боюнча чыгарган аныктамасы менен тааныштырууга тийиш болгонуна карабай, арыз аны катыштырбай эле каралган.

«Президенттин аракеттерин какшыктоодон жана такмазалоодон тышкары мен ачуум да келип жатат. Бул чектен ашкандык. Эгерде Кыргызстандын азыркы тарыхындагы эң бай президент, мультимиллионер Атамбаев «Арашан» совхозундагы жүздөгөн гектар көзүнө аз көрүнүп, Ысык-Көлдөгү 65 чарчы метрлик болор-болбос бир коттеджге көзү түшүп калса — мен эмне айта алам? Бул майдачылдык. Мультимиллионер Атамбаев үчүн бул майдачылдык», — деди Жакупова.

Доо арызды юрист териштиргени

Какшык жана такмаза үчүн соттогонго болобу?

Какшык — болгону адабиятта жана көркөм өнөрдө көп колдонулган сатиралык ыкма. Какшык менен кылмыш кылгандыгы үчүн айыптоонун ортосунда сөзсүз олуттуу чек бар. Такмаза да какшыктын бир түрү, ал үчүн да соттогонго болбойт.

«Ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланганы жөнүндө өтмө идея» үчүн соттогонго болобу?

Акыры аягы албетте, сот чечет, бирок ал эксперттердин корутундусуна таянат. Бирок өтмө идея — бул ачык чакыруучу айыптоо эмес, ал тургай кыйыр да эмес. Бул жерде түздөн түз ар-намысты кемсинтүү жок. Корутундунун бул жыйынтыгы өтө эле татаал чыгарылган.

Суроолорго «Прецедент» юридикалык фирмасынын жетекчиси Фатима Якупбаева жооп берет.

Бийликтин иш-аракетин «репрессия» деп атаганга болобу?

ЖМКга жана президентти сындагандарга каршы доо арыздарды «репрессия» деп бул сөздүн ошол тарыхый жана этимологиялык маанисинде айткан анча туура эмес. Анткени талаш сот тартибинде каралып жатат, мыйзамдарда сөз эркиндиги үчүн кылмыш жоопкерчилиги жок, ал эми мүлктү жана банк эсептерин камакка алуу — кулакка тартуу эмес.

Дегеле соттук териштирүүгө негиз барбы?

Айрым сөздөрдү, мисалы «зордуктады» жана «жарандыкты террорго туш кылды» деген сөздөр жагынан Башкы прокуратуранын доо арызы негиздүү көрүнөт. Бирок СЭМБдин эксперттеринин айтымында, бул «сезим-экспрессиялуу ой жүгүртүү», ал боюнча сот өз алдынча укуктук баа бериши керек.

Жалпысынан, Башкы прокуратура президентти коргоп доо арыз берген фактынын өзү эл көзүндөгү адамдардын чыдамдуулук практикасына кайчы келет.

Анын үстүнө Кыргызстандын Жогорку сотунун пленумунун 2015-жылы 13-февралда чыккан токтому бар — анда мамлекеттик кызмат адамдары өз милдетерин аткаруусуна байланыштуу сынга алынышы мүмкүн экени айтылат.

«[…] анткени бул (сын пикир — редакциянын түшүндүрмөсү) алардын өз ыйгарым укуктарын айкын жана жоопкерчиликтүү аткарышы үчүн зарыл. Эл көзүндөгү адамдар алардын сөздөрүн жана жосундарын чагылдырууга ачык болушат», — деп айтылат токтомдо.