Башкы прокуратура журналисттерге жана Атамбаевди сындагандарга каршы дагы бир доо арыз берди

Башкы прокурор Индира Жолдубаева президенттин ар-намысын коргоо боюнча «Заноза» басылмасына, анын башкы редактору Дина Масловага, тең түзүүчүсү Нарынбек Идиновго жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы доо арыз берди. Көзөмөл органы басылмадан жана ар бир жоопкерден 3 миллион сомдон өндүрүп берүүнү талап кылууда.

Доо арызга «Заноза» басылмасында 30-мартта жарык көргөн «Чолпон Жакупова: Пора приструнить человека с маниакальными наклонностями»  («Чолпон Жакупова: Маниакалдык мандеми бар кишинин тизгинин тарта турган учур келди») аттуу материал себеп болду.

Жоопкер катары басылманын өзү, «Занозанын» башкы редактору Дина Маслова, тең түзүүчүсү Нарын Идинов жана мурдагы депутат, укук коргоочу Чолпон Жакупова каралууда.

Материалда Башкы прокуратуранын ишмердүүлүгү тууралуу Жакупованын пикири жарыяланган. Ал көзөмөл органын өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарбай жатат деп күнөөлөгөн.

«Ал [Атамбаев] соттордон утаарын жана алыган акчаны каякка жумшаарын эмитен эле билет. Баштапкы мүнөздөгү прокурорлук чаралар кайда? Ар бир мекеме өз милдетин аткармайынча майнап чыкпайт», — деген ал.

Башкы прокуратура Жакупова мекеменин ишин сындап жатып Атамбаевдин керт башын сындоого өтүп кеткен деп эсептейт.

«Өз сөзүндө Жакупова […] президентке негизсиз асылып, аны мыйзамды билбей жана бузуп жатканын айтып, ошону менен катар аны ыйгарым укуктарынан ашыра пайдаланды деп күнөөлөп кирген», — деп жазылат доо арызда.

Доонун жалпы суммасы 12 миллион сомду түзөт.

Сот Маслова, Идинов жана Жакупова эч кайда кетпей тургандыгы жөнүндө тил кат жазып бериши керек деп чечти. Сот ошондой эле укук коргоочунун мүлкүн камакка алды.

«Соттун одоно бузумдары»

Жакупова Kloop.kg менен болгон маекте соттун чечимине каршы даттанаарын, анткени ал «өтө одоно процессуалдык бузумдар» менен чыгарылганын айтты.

Укук коргоочу сотчу аны кабардар кылып, иш боюнча чыгарган аныктамасы менен тааныштырышы керек болсо да, арыз аны катыштырбай каралганын билдирди.

«Президенттин аракеттерин какшыктоодон жана такмазалоодон тышкары мен ачуум да келип жатат. Бул чектен ашкандык. Эгерде Кыргызстандын азыркы тарыхындагы эң бай президент, мультимиллионер Атамбаев «Арашан» совхозундагы жүздөгөн гектар көзүнө аз көрүнүп, Ысык-Көлдөгү 65 чарчы метрлик болор-болбос бир коттеджге көзү түшүп калса — мен эмне айта алам? Бул майдачылдык. Мультимиллионер Атамбаев үчүн бул майдачылдык», — деди Жакупова.

Идинов макалада президенттин дарегине намыска тийе турган эч кандай нерсе айтылган эмес деп эсептейт.

«Бизди чындыкты бурмаладыңар деп айыптап жатышат. Бийликтин оюнда өлкөбүздө баары жакшы экен», — деди Идинов.

Атамбаев ЖМКга каршы

2017-жылдын мартында Башкы прокуратура президенттин ар-намысын коргош үчүн «Азаттык» менен «Занозага» каршы доо арыз берген. Көзөмөл органы «Азаттыкка» каршы эки, «Занозага» каршы төрт доо арыз жолдогон.

Доо арыздардын баары маалымат каражаттарындагы Атамбаевдин аты аталган ар кандай материалдары үчүн берилген. «Азаттыктан» Башкы прокуратура 20 миллион сом, «Занозадан» 12 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган.

Ленин райондук соту басылмалардын банк эсептерин ушул доо арыздардын негизинде камакка алган. Доо арыздар боюнча жоопкер катары Дина Маслова менен Нарынбек Идинов өтүп жатышат. Идиновдун мүлкү да камакка алынган.

Авторлошу: Айдай Эркебаева


ТЕМА БОЮНЧА: