Оштун жетекчилиги экстремизмге каршы акцияга бир нече миң адам чогултту

Оштун жетекчилиги терроризмге жана экстремизмге каршы акция өткөрдү. Бийликтин маалыматы боюнча шаардын көчөлөрүнө 10 миң киши жөө жүрүшкө чыкты.

Басма сөз кызматынын өкүлүнүн айтымында, жөө жүрүшкө 10 миңдей киши — окуучулар, студенттер, дарыгерлер, аскер адамдары жана жергиликтүү тургундар чыгышты. Демонстранттар «Биз терроризмге каршыбыз!» деген ураандарды көтөрүп, тынчтыкка үндөп жатышты.

Шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев жана шаардык кеңештин спикери Жапар Ормонов Оштун борбордук аянтына чыгып, террорчулук менен күрөшүүгө чакырышты.

«Биз мындан ары диний экстремизм элибизге таасирин тийгизип жатканына көздү жуумп кое албайбыз. Биз аны менен күрөшүшүбүз керек, кантсе да биз дүйнөбий өлкөбүз. Биз өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбызды сактап калышыбыз керек», — деди мэр Айтмамат Кадырбаев.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы акция терроризмдин алдын алууга жана жарандардын мекенчилдик духун көтөрүүгө багытталганын билдирди.

«Бул өтө масштабдуу иш-чара. Адамдар мунун маанилүү экенин түшүнүп, бизге кошулуп жатышты. Бүгүн биз шаарыбыздын ар бир жашоочусун козгой алдык», — дешти шаар мэриясынын өкүлдөрү.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Ирак менен Сирияга Кыргызстандын 500дөн ашуун жараны чыгып кеткен.

Кыргызстандын түрмөлөрүндө 180ден ашуун киши терроризм менен экстремизм боюнча айыпталып отурат.

Мындай акциялар көптөгөн тургундары Сирияга согушканы кетишкен Ош облусунун бир нече районунда болду.


ТЕМА БОЮНЧА: