Жакырчылык менен жер көчкүнүн алдында калуу коркунучу

Дөңсөдөн караганда куткаруу иштери менен алек болуп жаткандар жер казып кыбырап жүргөн кумурска сыяктуу көрүнүп жатты. Алар казып жаткан топурактын жана урандылардын алдында 24 сөөк бар эле. Каза болгондордун арасында болсо жаш балдар. Алардын үйүнө көчүп түшкөн жер көчкүнүн көлөмү 100 олимпиада бассейнин толтурчудай эбегейсиз чоң болгон.

Макаланын түп нускасы «EurasiaNet» сайтына чыккан.

Кырсык болгондон кийинки күнү 30-апрелде болжолдуу экилерде куткаруу иштери жүрүп жаткан секторлордун биринде кыйкырык угулду. Адамдар күрөктөрүн ыргытышып, ошол секторду көздөй агылышты. Өздөрүнө ишенип-ишенбеген үмүт менен алар шыбыранып жатышты: «Алар тирүү».

Бирок, тилекке каршы, куткаруучулар чуңкурдан эки сөөктү көтөрүп чыгышты. Кылдаттык менен жуурканга оролгон эки жаштагы Мадина Абдисаломовнанын тамандары эле көрүнүп турду. Анын жанында болсо 12 жаштагы Адина Маманова жатты. Алардын сөөктөрүнө жакыны ийилип, Мадинанын сокпой калган жүрөгүнө унчукпай колун коюп турду.

Кыштактын калган тургундары бул сахнага кайгыруу менен назар салып жатышты. Аюу айылынын бардык эле жашоочулары бири-бири менен тууганчылык байланыштары бар. Аялдар топ-тобу менен болуп алып, бирин-бири кучактап, көңүл айтып жатышты. Айрымдары үнүн катуу чыгарып ыйласа, кээ бири унчукпай жүздөрүнөн жашын аарчып жатышты. Жергиликтүүлөрдүн бири, дээрлик бүт үй-бүлө мүчөлөрүнөн — жубайы, эки уулу, келини жана эки небересинен — айрылган Артыкбай Камчиев өкүрүп ыйлап жатты.

Сүрөт: Питер Леонард.

Жакын арада жайгашкан чатырда медпункт турган. Чынында ал жерде кан басымды текшергенден башка эч кандай деле кызмат көрсөтө алышкан эмес. Ага коңшу турган чатырда айылдыктарга шорпо, нан жана чай таратып жатышты.

3-майга карата, топурактын алдынан сегиз адамдын сөөгүн таап чыгышкан.

Кырсык болгон жердеги иштерди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги Дайырбек Каримов жетектеген. Анын EurasiaNet.orgго айтып бергенине караганда, жер көчкүдөн каза болгондордун көпчүлүгү бул жерде таптакыр турбашы керек болчу.

«2003-жылы бул жерде болгону үч же төрт там бар болчу. Биздин министрликтен адистер атайын бул жерге келишип, жер көчкү түшүшү мүмкүн экенин айтып эскертишкен. Бирок кийинки жылы бул жерге андан да көбүрөөк там салып алышкан, баары мыйзамсыз, документтери жок», — деген Каримов.

Кыргызстандын бул аймагында жер көчкү бат-баттан катталып турат. Эң кооптуу убакыт жаз мезгилине туура келет, бул мезгилде жаан нөшөрлөп жаайт. Жер көчкүнүн себеби зилзала жана жер алдындагы суулардын кыймылдашы да болушу мүмкүн.

Каримовдун айтымында, бир эле Ош облусундагы кооптуу аймактарда 389 үй-бүлө жашайт. Бийлик өкүлдөрүнүн ишендиришинче, алар кооптуу аймактардан адамдарды көчүп кетүүгө көндүрүш үчүн колдорунан келген бардык нерсесин жасашкан.

Аюу айылынын жер кыртышындагы жаракалар мурда байкалган. «Ушул жылдын 28-мартында мониторинг бөлүмүнөн адистерибиз бул жерге кайрадан келишип, тургундар менен жолугушуу өткөрүшкөн, — деп кошумчалады Каримов. — Алар баарын коопсуз аймакка көчүп кетүү тууралуу эскертишкен».

Жер көчкү басып калган жети үйдүн үчүнүн жашоочуларына башка жакка көчүп кетүүгө көндүрүш үчүн 2003-жылы жеңилдетилген насыя берилген. Ал эми калган төрт үй болсо уруксатсыз тургузулганын кошумчалашты аткаминерлер.

Көчкү ушунчалык чоң көлөмдө түшкөндүктөн куткаруу иштерин токтотууга чакыруулар пайда болуп, кырсык болгон жерди көрүстөнгө айлантуу айтылган.

Сүрөт: Питер Леонард.

Бирок кыштак тургундарын башка жерге көчүрүп кетиш жөнөкөй эмес: мындай кадам күнүмдүк нанга иштеп тапканга оор болгон жана жарандары чет өлкөгө жумуш издеп кетип жаткан өлкөдөгү киреше булагын жоготуп алуу менен тыгыз байланыштуу.

Ар бир үйдө ондогон кой, уй жана жылкы кармагандар бар. «Адамдар бул жерде малдарын жайытка алып чыгыш үчүн жүрүшөт, — деп түшүндүрдү Зергер айыл аймагынын башчысы Динмухаммед Бокошев. — Алар ата-бабаларынын жерин таштап кетишпейт».

Бирок Бокошев кайрадан жер көчкү коркунучу сакталып тургандыктан жашоочулардын тең жарымына башка жакка көчүп кетүүгө туура келээрин мойнуна алды. Аларга жана коңшу жайгашкан Жалал-Абад облусунун айылдарынын тургундары үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген.

Бирок адамдарды коопсуз аймактарга көчүрүү системасы иштебей жатат. «Кыргыз мыйзамдары боюнча, ӨКМнин милдеттерине эскертүү берүү, кооптуу аймактарга көз салуу жана расмий буйрук берүү кирет, — деди Каримов. — Азыркы мыйзамдардын чегинде, биз ар бир райондун жана облустун башчысына адамдарды коопсуз аймакка көчүрүү, аларга ар кандай социалдык жана гуманитардык жардамдарды көрсөтүү боюнча көрсөтмө бердик».

Ошондой болсо да, же айылдыктардын өжөрлүгүнөнбү, же болбосо аткаминерлердин аракетсиздигинен уламбы, адамдар көчүп кетүүгө көнбөгөндөй. Балким, ошондуктан көчкү түшкөндөн кийинки президент Алмазбек Атамбаевдин биринчи эле реакциясы көңүл айтпай, коопсуз аймакка көчүүдөн баш тартканы үчүн курман болгондорду кайрадан жемелөө болгон чыгар.

«…Макул сен үйдүн кожоюну көчкүң келбесе, балдардын эмне убалы бар? Малдын башы балдардын башынан артыкпы? Малдын жаны баланын жанынан артыкпы?», — деген өлкө башчысы.


ТЕМА БОЮНЧА: