HRW: Кыргызстандын бийлиги үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жаңы мыйзамды аткарыш үчүн эрктүүлүгүн көрсөтүшү керек

Эл аралык «Human Rights Watch» укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинен үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын коргогон мыйзамды чындап аткарууну күтүп жатканын билдирди.

«Human Rights Watch» уюмундагы аялдардын укуктарын изилдөөчү Хиллари Марголис өлкөнүн өкмөтү бул мыйзамды кабыл алуу менен «укуктарды сыйлай тургандыгын» көрсөткөнүн билдирди.

«Эми мамлекеттик органдар сөздүн түз маанисинде аялдын өмүрүн сактап кала ала турган жаңы түзөтүүлөрдү турмушка ашырыш үчүн эркин көрсөтүшү керек», — деди Марголис.

Анын айтымында, мыйзам мамлекет жолдой турган жана аткарылууга тийиш болгон жаңы стандарттарды орнотот.

Жалпысынан укук коргоо уюмунун эксперттери үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарын коргой турган жаңы мыйзамга ыраазы.

Президент «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамга быйыл 28-апрелде кол койгон.

Жаңы документ үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо боюнча азыркы жобону дээрлик толугу менен кайра жазып чыккан.

Эми милиция үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу ар бир билдирүү боюнча чара көрүүгө милдеттүү болот, ал эми андай билдирүүнү жабыркаган киши гана эмес, каалаган жаран жиберсе болот.

Мындан тышкары, эгерде зомбулук болгону далилденсе, жабыркаган кишиге милдеттүү коргонуч ордери берилет. Ал үч күн күчүндө болот, бирок бир айга узартылышы мүмкүн. Ордер жабыркаган кишинин денесине тийгенге жана аны менен сүйлөшкөнгө тыюу салат.

Ордер алынгандан кийин психолог жабыркаган киши менен да, зомбулук кылган киши менен да иштейт.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук маселеси өтө курч. Өлкөдө никеде турган ар бир төртүнчү аял зомбулуктан жабыркаган. 98 пайыз учурларда зомбулукту күйөөсү же мурдагы күйөөсү кылат.


ТЕМА БОЮНЧА: