Жалал-Абадда 29 окуучу ууланып ооруканага түштү

Children who live beneath a tailings site fetch water.

Жалал-Абад облусунун Тоскоол айылында 29 мектеп окуучусу жергиликтүү ооруканага жаткырылды. Балдар Тоскоол-Ата дарыясындагы суудан ууланган болушу мүмкүн.

Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, Жалал-Абадда мектеп окуучуларынын массалык уулануусу катталып, Тоскоол айылындагы 29 бала жабыр тарткан. Алардын баары жергиликтүү мектептин 5-10-классынын окуучулары.

Балдарды жергиликтүү райондук ооруканага жаткырышкан. Алардын ичинен он үчүн палаталарда орун калбай калгандыктан реанимация бөлүмүнө жайгаштырышкан. Учурда 27си дарыланып жатат, ал эми экөө үйлөрүнө чыгарылган.

Балдардын абалдары туруктуу канааттандыраарлык деп айтылууда.

Уулануунун себептери такталып жатат жана эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул суу менен байланыштуу болушу мүмкүн: Тоскоол айылынын тургундары Тоскоол-Ата дарыясынан жана Масы айылындагы кудуктан суу ичишет.

Мектепте балдарга сууну цистерна менен ташып келип, кайнатып анан беришет. Цистерна кулпу менен бекитилип, ачкычы ашкана кызматкеринде болот.

Ата-энелердин айтымдарында, балдар үйдө ууланып калышы мүмкүн эмес эле, анткени акыркы бир канча күндө кадимкидей эле үйдөгү азык-түлүк, мөмө-жемиш жана суусундуктар менен тамактанып жүрүшкөн.

Жагдайды териштирүү үчүн саламаттык сактоо министринин орун басары Олег Гориндин жетекчилиги астында комиссия түзүлдү.

Жергиликтүү тургундарга азырынча кудуктан суу алып ичүүгө тыюу салынды. Суунун пробасы лабораториялык изилдөө үчүн жөнөтүлгөн.

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Дэвид Триллинг


ТЕМА БОЮНЧА: