КСДПнын депутаты Евгения Строкова социалдык маселелер боюнча комитетке мектептерди беш күндүк окууга өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун алып чыкты. Анын айтымында, ошондой шартта балдар менен мугалимдердин бош убактысы көбүрөөк болуп, ал үй-бүлөнүн бекемделишине өбөлгө түзөт.
Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева бул демилгени колдой тургандыгын билдирди.
Анын айтымында, беш күндүк окууга өткөндө окуучулардын жүктөмү азайтылбайт.
«Биз жүктөмдү азайталы деген жокпуз, зарылчылыгы жок материалдарды алып салышбыз керек. Биз долбоордун концепциясн колдойбуз, бирок аны 2018-жылдын сентябрынан тартып ишке киргизүүнү суранабыз», — деди Кудайбердиева.
Мыйзам долбоорун тааныштырган депутат Евгения Строкова беш күндүк окууга өтүүнүн аркасында балдар менен ата-энелердин бош убактысы көбүрөөк болоорун айтты.
«Беш күндүк окуу ата-энелер менен мугалимдердин балдарга көбүрөөк көңүл бурушуна жол берет, ал үй-бүлөнүн чыңдалышына алып келет. Бул бара-бара үй-бүлөсү менен киного, көргөзмөлөргө, театрларга баруунун салтын калыптандырат», — деп эсептейт ал.
Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, азыр жалпысынан 252 мектеп-лицей менен гимназия алты күндүк окуу систекмасы менен иштеп жатат.
Кыргызстандагы мектептердин 75 пайызга жакыны кышкы каникулдан кийин беш күндүк окууга өтүштү.
ТЕМА БОЮНЧА: