Дмитрий Лысогоров уулу Алексей Лысогоров менен. Сүрөт: Павел Исаенко.

Дмитрий Лысогоров — кыргыз сомунун дизайнын жараткандардын бири. Кыргыз паспортторунун дизайны да анын колунан чыккан. Kloop.kgге курган маегинде Лысогоров улуттук валюта кантип жаралганын жана эмне иштеп тапканы тууралуу айтып берди.

Баяндоо Дмитрий Лысогоровдун атынан жүргүзүлөт.

Кыргыз сомун кантип жасашкан?

Мен 1991-жылы упаковка менен этикеткалардын дизайнын жасагам. Мунун баары жарнамалык графикалык искусство менен байланыштуу. Ошол эле жылы мени Анатолий Цыганок менен бирге Улуттук банкка иштегенге чакырышты.

Качан банк Сүрөтчүлөр союзуна жардам сурап кайрылганда, ал жерде валюта жасай турган график-адистердин саналуу гана экенин аңдашкан.

Мындай билими менен — график-иллюстратор — мен жана Цыганок эле бар элек. Андан башка Таалай Курмановдон тышкары эч ким деле жок болчу. Ал болсо көбүнчө живопись жана китептерди жасалгалоо менен алектенчү.

Жарым же бир жылдан кийин, так эстей албайм, бизди башкы валюта даярдоо иштеринен шашылыш түрдө убактылуу акча жасоо жумуштарына багытташты. Бул саясий чечимге байланыштуу болду окшойт.

Эл аралык банктын адистери өлкө боюнча жүргөн кезде, бизге үч күндүн ичинде улуттук валютанын концепциясын иштеп чыгышыбыз керек экенин айтышты. Биздин жетекчилик алар менен эскиздерди макулдашкысы келген. Ошондуктан Анатолий менен чүчүкулак тартып, ага тыйындардын эскизин, мага болсо сомдордун эскизин иштеп чыгуу түштү.

Мен болжолдуу схеманы иштеп чыктым, баарын түстүү калемдер менен чийгем, анда компьютер деген жок болчу. Ал эскиздер азыр банктын кайсы бир жеринде сакталып турса керек.

Башында өлкө латын арибине өтөт деп божомолдонуп жаткан. Купюралардын биринде бул аракет көрүнүп турат, аталышы латын тамгалары менен жазылып турат. Бирок бул идеядан кийин баш тартып коюшту. Латын ариби графика жагынан алып караганда мага көбүрөөк жагат, бирок бул менин жеке гана табитим.

Эскиздердин варианттарын кабыл алышты, бирок мага жаккан эмес, анткени мен дизайнын татаалыраак кылгым келген. Мен үчүн бул элементтердин баары жөнөкөй.

Биз аябай шашканбыз, контракт боюнча чектөөлөр бар болчу: арзан кагаздар, эч кандай кошумча түстөрсүз, оюуларсыз, жасалгасыз.

Чектөөлөрдү койгонунун себеби — убактылуу валютаны арзаныраак эле жасап туруу болгон. Каражаттын көпчүлүк бөлүгүн негизги серияга калтырып коюшкан, ал өзүнчө жасалып чыгарылган.

Бул акча кошуна өлкөлөрдөн алдыга озуп чыгыш үчүн гана убактылуу айланып турушу керек болчу. Бизге коюлган тапшырманы аткардык, акчаны басып чыгардык жана аларды беш жылдай колдондук, эстешиме караганда. Мен 1, 5 жана 20 сомдук купюралардын дизайнын иштеп чыккам.

Алар доллардын курсу боюнча 1:2 менен чыккан, тактап айтканда эки сом бир долларга тең болчу. Бул чоң эле акча болчу, 100 сомго 50 доллар алсаң болот эле, бирок сомдун күчү көпкө кармалган жок, валюта арзандай баштады.

Негизги акчага кайтып келгенибизде биз кайрадан чүчү кулак тарттык. Анда тыйындарды жасаган эмеспиз, ал эми темир акчадан болсо кымбаттыгына байланыштуу баш тартышып коюшкан. Монеталарды дизайнерлердин кийинки мууну жасаган.

Чүчү кулак боюнча мага 1, 20 жана 50 сом түштү. Анатолийге 5 жана 100 сом түшкөн. Ал эми 10 сомду чогуу жасадык. Менин 10 сомдугумда башында советтик кино жана театр актёру Муратбек Рыскулов түшүрүлгөн эле. Бул идеяны кийин жаратпай коюп, натыйжада Цыганок экөөбүздүн ишибизди бириктирип коюшту.

Муратбек Рыскулов түшүрүлгөн 10 сом.

Принтер жана башка жабдыктар жок болгондуктан мен эскиздерди кол менен тарткам. Менин өзүмдүн пигменттик басма деген технологиям бар болчу. Жаңы эч нерсени деле ойлоп тапкан эмесмин.

Бул ыкманын өзгөчөлүгү — анда суюк желатиндин пайдаланылганында. Суюктукка акварель же гуашь төгүп, бул аралашманы кагазга коёсуң. Кисть же валик менен, өтө жука кылып коюш керек, эң жакшысы аэрографты колдонуш керек.

Бир нече манипуляциядан кийин жарыкка ийкемдүү болгон кагаз пайда болот, негатив колдонуп, жарык берсең болот.

Жарык түшкөн жерге желатин сиңбейт, башка жерлеринде болсо ал жуулуп кетет. Ошентип сүрөт пайда болот, бул ыкманы мен мурда эле Санкт-Петербургда колдончумун.

«Акчаны кайда басып чыгарыш керек?» деген суроо турган. Анатолий экөөбүздү акча жасоо тажрыйбасы менен таанышып келиш үчүн Латвияга жөнөтүштү. Алар өз валютасын иштеп чыккан эле.

Кийин сүрөтчү чакырылып, ал бизге иштин чоо-жайын айтып берип жана дүйнө кыдырып, ар кандай усул жана жараян менен таанышып келиш керек экенин түшүндүрдү.

Башында табыштаманы Түркияга берүү пландалып жаткан. Ал жакта акча жасоо боюнча ыңгайлуу шарттар сунушталган эле. Бизди Түркияда аябай жакшы кабыл алышты, биз бүт долбоорлоо жараянына күбө болдук. Бирок алар ошол кезде компьютерлерди сатып алышкан болсо да, аларды орнотуп, колдоно элек болчу.

Мен 80-жылдардан бери эле тенденцияга көз салып тургандыктан компьютердик технология менен тааныш элем. Бардык жараян мага түшүнүктүү болчу.

1992-жыл эле, Аскар Акаев Түркияга келип, биз ага өзүбүздүн күмөн санап жатканыбыз тууралуу айтып бергенбиз. Ал ошол эле жерде чечим чыгарып, сапатты тобокелге салбай Англияга барууга кеңеш берди.

Бир айдан кийин биз Англияга бардык. Ал жерде биз такыр башка картинага күбө болдук. Күчтүү технология, сүрөтчүлөрдүн, дизайнерлердин иштери, башкача система. Ал эми бизде мунун баарын бир киши иштеп чыкчу.

Мисалы, мен жалпы көрүнүштү дагы, портреттерди дагы тартып, болжолдуу коргоочу элементтерди түзгөм. Ал жакта болсо эмгек бөлүштүрүлөт экен. Схеманы дизайнер иштеп чыгып, портретти башка сүрөтчү тартып, андан ары портреттин үстүнөн гравёр иштечү.

Көп кылымдардан бери иштеп келаткан бул система эч кандай деле инновациялык чечимдер эмес. Алар бизге De La Rue фирмасынын иш жараянын көрсөтүп беришти.

Бизди болот куюучу заводго алып барышты. Ал жерге руда алып келишип, металл, форма, матрицаларды куюшат экен. Монета жасоо жараяны кандай болоорун көрсөтүп беришти. 1993-жылы биз бүт серияны бүтүрдүк.

Мен Улуттук банкта 1994-жылга чейин иштедим, кийин экөөбүздөн бирибизди калтыралы деп чечишти. Менин ордума жашыраак адис келээрин айтышты. Ошондуктан тыйын акча жасоо менсиз уланды.

Кыргыз паспорттору кантип жасалган?

Бир тууганым Юрий банк системасында англис тил адиси катары 1993-жылдан бери иштеген. Андан кийин ал Улуттук банк менен De La Rue фирмасынын кызыкчылыктарын коргоп эмгектеген. 2004-жылы Акаевдин өкмөтү Юрийге Баалуу кагаздар комитетин башкарууну сунуш кылды. Анан ал улуттук паспорт жасоо боюнча өз командасын түзгөн.

Мени расмий түрдө командага кошууга тыюу салынган, анткени Юрий экөөбүз бир тууган элек. Ошондуктан мен штаттан тышкаркы кеңешчи болуп, бирок иш жүзүндө эскиздер менен дизайндарды иштеп чыгуу мага жүктөлгөн эле. Анан ишке кириштим.

Өтө катаал мөөнөттөр коюлуп, фабрика мага эскиздерди жөнөт деп калды. Мен алгачкы варианттардын бирин жөнөттүм. Ошолорду алар басмаканага жиберип коюшуптур.

Мен бул тууралуу билген эмесмин. Анан бир нече ай акыркы версиясынын үстүнөн иштеп жүргөм. Качан алар мага басмаканага кеткенин айтканда, үрөйүм учуп «Бул эскиз эле болчу да» дедим.

Англияда мага ID-паспортторду жасоо технологиясын көрсөтүштү, менин сүрөтүм менен бир үлгүсүн даярдашты. Чек арада мен аны бажы кызматкерине көрсөттүм, ал көпкө карап түшүнө албай турду. Анан мен ага: «Ой, кечиресиз, башка паспорт» дедим. Ошол «сынама» паспорттун айынан мени суракка да чакырышкан.

Паспорттогу гербди тазалап, бүт ашыкча элементерди алып салып, иретке келтирдим. Буга бир ай убакыт кетти.

Паспорттордун үч түрү бар болчу: жалпы жарандык, дипломатиялык жана кызматтык паспорттор. Эскизин парламенттегилер жана Акаев өзү да бекиткен. Акаев кеткенден кийин депутаттар Юрийге асылышып, гербге доосу бар экенин айтышкан.

Аларга мен мамлекеттик системаны бузгандай көрүнгөм. Көрсө, фондо жети тоо чокусу болушу керек экен. Мен ага маани бербептирмин. Мен үчүн баары кооз болуп турушу үчүн графикалык бөлүгү маанилүү эле. Герб өзү башынан сабатсыз жасалган. Мен бул тууралуу Өкмөт Үйүндө иштер көрсөтүлгөн сынак учурунда айткам.

Менин оюмду сурашты эле, бир да гербдин жарабай турганын айткам. Биринчиден, эски стилде жасалган. Экинчиден, анын кичирейип кетиши мүмкүн экенин эске алышкан эмес. Мен өзүм болсо гербди жасоого катыша алган эмесмин, анткени мен валюта жасоо менен алек болчумун. Негизи, жаңы герб жасаш керек, азыркысы эскирип калды, дүйнө жүзү болсо алдыга озуп кетти.

Паспорттун долбоору үчүн мен расмий түрдө бир да тыйын алган эмесмин. Мага бул жумуш кызык болгондуктан мен сый акы тууралуу ойлонгон эмесмин. Эгер мени мындай масштабдагы долбоорго чакырышса макул болмокмун. Тажрыйба жана техника бар, ачыгы мамлекет менен иштешүүдөн коркуп турам, анткени кайрадан күйүп кетким келбейт.

Өзүм даярдаган паспорт долбоорлору менен сыймыктанам. Кечээ жакында эле эскиздерди ачып, таза баш менен көз жүгүрттүм, мага алар аябай жагат. Мурдагы эскиздер мага жөнөкөй болсо да англичандарга биздин паспорт жаккан. Бирок мен канааттанбаган бойдон калдым, кичине күтө туруп, ийине жеткирип иштеп чыкса болот эле.

Көпчүлүк адамдар сомдун биринчи сериясын мактап калышат. Мага болсо Батыш акчасынын деңгээлине жетпей жаткандай туюлат. Азыркы сом болсо бир топ олуттуу иштелип чыккан. Чынында бул купюралар эл аралык үлгүгө окшош, нукура өзгөчөлүк өчүп кеткен. Балким, бул жалпы тенденциядыр. Бирок, жалпысынан алганда, бул акча жакшы.

Сомду жасаганыма мага сом менен акымды төлөп беришкен. Адегенде батир, кийин машина сунуш кылышкан. Бир жылдан кийин бизге тогуз миң сомдон бөлүп беришкен. Жакшы, биз аларды долларга айлантып алганга үлгүрүптүрбүз, анткени сом заматта арзандай баштаган эле.

Мен кантип дизайн чөйрөсүнө аралашып калдым?

Эмне үчүн мен дизайнер болуп калдым? 70-жылдардын башында Батыштан келген дизайн сөзүн кулагыбыз чалып калганын эстеп коюшум абзел. Жаштар үчүн бул бир жутум таза абадай, кандайдыр бир жаңы жана өзүнө тартып турган нерсе катары сезилген.

Мен сүрөт окуу жайынын декоративдик колдонмо искусство факультетине тапшыргам. Фрунзе сүрөт окуу жайында окуп жүргөн убактагы мугалимдеримдин бири Сүймөнкул Чокморов болгон. Биз чогуу волейбол командасында да ойноп калдык. Ал капитан болуп, мен топ көтөрүп берчүмүн. Жакшы күндөр өткөн.

Мындай мекемелерде бир салт бар эле: 3-курстан кийин студенттерди эки апта Москва менен Ленинграддагы музейлер менен сүрөт окуу жайларына алып барар эле. Москвадагы Строганов окуу жайында болгом, Ленинградда легендарлуу «Мухинка» (Мухина атындагы жогорку сүрөт өнөрүнүн окуу жайы — автордон) менен таанышкам.

Дмитрий Лысогоров (солдо) жана Валерий Морозов.

«Мухинка», окуу жайынын музейи, студенттердин иштери менде зор таасир калтырды. Мен «Мухага» тапшырууну кыялданчумун. 1972-жылы Фрунзе сүрөт окуу жайын бүтүргөндөн кийин дизайн кафедрасына тапшырганы кеттим. Окууга тапшырыш үчүн тынчсызданбай эле коюшум керек экенин айтышты. Кыргызстандан тапшыргандар жок болчу.

Экзаменге келгенимде, өзүмө ишенимим төмөндөп кетти. Адамдар көп: өлкөнүн ар кайсы бурчунан, ар бир республиканын облустарынан да келишиптир. Ошондо сегиз адамды окууга ала турганын айтышты. Мен да кабыл алынып кеттим. Балким, менин даярдыгым анча деле начар болбосо керек.

Маектешүүдө мен таң калтырышты. Кафедра башчысы (жеке өзү өндүрүштүк графика бөлүмүнө студенттерди тандап кабыл алчу) сурап калды: «Сиз кайсы жактансыз, жаш жигит?» Мен Фрунзе шаарынан келгенимди айттым. Ал ойлонуп калганда, анын Фрунзе каякта экенин билбесин түшүндүм. Бул Кыргызстандын борбору экенин түшүндүргөнгө туура келди. Ал мени карап туруп, «Окшош экен!» деди. Мени кыргыз деп ойлоду окшойт.

Маектешүүдөн кийин бизге он киши кабыл алынганын айтышты. Биринчи семестрдин жыйынтыгына карап экөө окуу жайынан кетиши керек эле. Биз болсо жин ургандай окуганбыз.

Семестр бүткөндө эч ким айдалган жок. Баары чын дилинен аракет кылгандыктан аяп коюшту. 5-курста дипломдук долбоордун үстүнөн кызыктуу жумуш башталды. «Почта маркалары» деген теманы тандап алдым. Адистердин жогорку баасына татып диплом алдым.

Менин оюмча, ал кезде жаштар дизайнга жакын болчу, балким ошондуктан көпчүлүгү дизайнер болгусу келгендир. Бирок мен биздин муунубуз Батышты эч качан кууп жетпесин даана билгем. Алар ар дайым бир канча кадам, 20-30 жылга алдыда болушкан.

Маектешкен: Метин Жумагулов


ТЕМА БОЮНЧА: