Советтер Союзунуда «дизайнер» сөзү хрущёв доорунда колдонула баштаган. Владимир Кругман 1960-жылдардын соңунда Ленинград көркөм өнөр окуу жайын бүтүрүп, Кыргыз ССРиндеги алгачкы дизайнер болуп калган.

Ал ошол кездеги эң модалуу ресторан, кафе жана мейманканалардын тышкы көрүнүшүнүн үстүнөн иштеген. Бирок анын эң белгилүү иши — бул Бишкектеги «Күнөстүү балыктар» чачыратмасы.

«Күнөстүү балыктар» чачыратмасы өзүнүн жакшы жылдарында. Сүрөттүн автору: Александр Баршай
«Күнөстүү балыктар» чачыратмасы өзүнүн жакшы жылдарында. Сүрөттүн автору: Александр Баршай.

Кругмандын жашоосунда көптөгөн кызык окуялар болгон: КГБга чакыруулар, Сүрөтчүлөр союзу тарабынан тоскоолдуктар, жалтанбаган идеяларына карата сын пикирлер, андан кийин Германияга эмиграция.

Учурда дизайнер 80ден ашып калды. «Клооптун» журналисттери аны менен байланышып, кызыктуу маек курушту. Интервьюну (дээрлик) толугу менен жарыялайбыз:

— Владимир Михайлович, өзүңүз тууралуу кыскача айтып бериңизчи: каерде туулуп өскөнсүз, кандай билим алгансыз?

— Беларустун Гомель облусунун Ельск райборборунда төрөлгөм. Согуш башталганда мен төрт жашта элем. Атам фронтко кетип, апам экөөбүздү Курган облусуна эвакуациялашты. Бир канча убакыттан кийин ал жакка атамдын өлгөнү тууралуу кабар келди.

Согуштан кийин биз Ельскке кайтып келдик, ал жерде мектепти аяктап, аскерге чакырылдым. Флотто кызмат кылып, кеме электриги болгом. Аскердик кызматты өтөгөндөн кийин Ленинградга барып, Энергетика техникумуна тапшыргам.

Ал жерде окууну улантууну каалабай, Мухина атындагы Жогорку көркөм өнөр жай окуусуна тапшыргам. Эки жарым жылдан кийин окуу жайды артыкчылык менен бүтүрүп, гравёр адистигине ээ болуп, башкы курска тапшыруу укугуна ээ болгом. Дизайн кафедрасын тандап, экзамендерден ийигиликтүү өтүп, академиялык «Мухинканын» студенти болуп калдым.

— Кантип Кыргызстанга келип калдыңыз? Канча жыл жашадыңыз?

— «Мухинканы» 1967-жылы «хрущёв доорунда» бүтүргөм. Анда советтик адамдарга кичине эркиндик берилип, коомдо акыл-эс аралаша баштаган. Биз, студенттер, жабык эшик артында тыюу салынган Солженицынды окуп, батыш музыкасын угуп, Невский проспектинде ачылган «Сайгон» кафесине барчубуз, ал жерге ошол учурдагы өтө эле жалтанбаган идеялардан сөз кылган жаштар чогулчу.

Ал убактагы «жылуу мамиле» муздап, бизди болсо «Литейныйдагы чоң үй» катары белгилүү болгон КГБга чакырып, өтө берилүү менен суракка ала башташты. Мунун баары жамандык менен аякташы мүмкүн болгондуктан мен убактылуу Ленинграддан кетип турууну чечтим.

«Литейныйдагы чоң үй» — Ленинграддагы КГБнын имараты.
«Литейныйдагы чоң үй» — Ленинграддагы КГБнын имараты.

Бүтүрүүчүлөрдү жайгаштыруу боюнча комиссия тандоону сунуштады: же кичинекей өзбек шаары Ургенчке, же болбосо Кыргызстандын борборундагы көркөм өнөр училищесине мугалим болуп баруу. Мен Фрунзени тандап алгам. Бир канча жыл жашап анан кетем деп ойлогом, бирок 18 жылга калып кеттим.

— Окуу жайдагы жылдардан эмнелер эсиңизде калды?

— Мен «улук кесиптеш кенже кесиптештерине билими жана тажрыйбасы менен бөлүшөт» деген принцип менен иштегем. Бизде сабактар эмес, аудиториянын дубалдарынын артында уланган биргелешкен чыгармачылык жашообуз болчу. Биз студенттердин иштерин училищанын дубалдарына иле баштадык, анткени алар сүрөтчүлөр да, өздөрүн көрсөтүшү керек. Бизди кайгыга батырган бопбош дубалдарга жан кире баштады!

Андан тышкары, мен балдарга майда таштардын, жиптин, кара жыгачтын көркөмдүк жактарын түшүндүрүп, аларга бул жөнөкөй заттардын өңү, түзүлүшү жана көрүнүшүнөн искусствону көрүүнү үйрөттүм. Жаш балдар жупуну эле заттардан өзгөчө композицияларды жасоону үйрөнүштү. Ошол эле убакта алар бирөөнүн энеси училищеге нормалдуу болбогон мугалимдин балдарды чыгармачылыкка кызыктырып салганын көрүүгө келген убакытты унутуп калышчу.

— Көркөм өнөр искусствосунун салттык жанрлары менен алектенген жергиликтүү сүрөтчү кесиптештериңиздин көзүндө дизайнер кесиби менен болгон адамдан эмнени күтсө болоорун билбеген мамилеге туш болдуңуз беле?

— Андай учурлар ачык эле болгон. «Кыргызстан комсомолу» гезити шаарда дизайнер пайда болуптур деп жазып чыккандан кийин мени ар кайсы ишканаларга чакырып, дизайндын концепциясы боюнча айтып берүүмдү сурай башташты. Бул жолугушууларда мен көпчүлүккө көнүмүш болбогон эстетика чөйрөсү тууралуу сөз кылып, эч нерсени кооздоонун кереги жок экенин, анткени сулуулукту жаратуу керектигин айтчумун.

Бул пикиримди Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзу жактырбай койду, анткени алардын алдында түзүлгөн Көркөм сүрөт фонду негизинен жасалгалоо менен алектенчү. Анан мен өзүм этияттык менен мамиле кылышым керек экенин сезип калдым.

Качан мен Ленинградга бир канча күнгө барып, адаттагыдай эле өзүмдүн бир тууган «Мухинкама» кирсем, кафедра жетекчиси жеңимден тартып, өзүнүн бөлмөсүнө алып кирип: «Кыргызстанда эмне болуп жатат? Мага кат жазып, сени чын эле бул жерде окуганбы-жокпу тактоомду өтүнүп жатышат. Менин сунушумду ук: тез арада ал жактан кетип кал» деп айтты.

Бирок мен Фрунзеге кайтып келип, жумушумду уланта бердим. Студенттердин иштеринен турган көргөзмөнү уюштуруу эрдигин да көрсөтө алдым. Бул дагы Союзга жакпай калды: алар Сүрөтчүлөр үйү менен Көркөм сүрөт искусство музейинде бир гана Союздун мүчөлөрү эмгектерин коюуга укугу бар деп эсептешкен. А бул жерде болсо училищенин студенттери дүкөндө же драмтеатрдын фойесинде өздөрүнүн оригиналдуу жараткан эмгектерин көрсөтүшкөн!

Биз алар менен студенттердин клуб-кафесинин ичин жасалгалаганбыз. Эшиктен баштап дубалдарына чейин баары студенттердин колдору менен жасалган. Материалдарды жаратылыштан алганбыз: таштар жана тамырлар. Кафе ачылып, дароо эле шаардык сенсацияга айланган. Ал жерге актёрлор, жазуучулар, кинонун режиссёрлору келип, студенттерге өздөрү жана чыгармачылыктары тууралуу айтып бере башташкан.

Ошентип натыйжада Сүрөтчүлөр союзунун жетекчилиги (алардын, эскерте кетейин, жумшартып айтканда, мага карата мамилеси жакшы эмес болчу) ушундай эле кафени турак үйдүн жарым жер төлөсүндө жасоомду өтүндү. Биз студенттер менен эң татаал интерьерди жасадык: баарын бекер, чылгый чыгармачылык жигер менен. Балдарды чыгармачылык эмгектин коммерциялык идеясы эмес, өз дараметин текшерип көрүү идеясы көбүрөөк кызыктырган.

Кафе ачылып, биринчи күндөн тартып эле сүрөтчүлөрдүн ийгилигинен пайдалана башташты. Муз ордунан жылгандай болуп, мага карата мамиле жакшы жакка өзгөрүшү керек болчу, бирок андай болгон жок. Кафенин ачылышына мени да, студенттеримдин эч бирин чакырган жок. Бизге андай сыймык тартуулашкан жок.

Ушуга окшогон соккуларды мен башымдан бир канча жолу өткөргөм, ал эми жооп катары Кыргызстанда өзүмдү өнүктүрө алаарымды далилдеген өжөр мүнөзүмдү көрсөткөм. Бир канча жылга келип, дагы бир жыл узап, кайра дагы бир жылга калып олтуруп, дагы бир жыл кошулуп, тааныштарым, досторум көбөйүп, шаар жашоосуна тамыр байлап калгам. Ошентип 18 жыл өтүп кетти…

— …анын ичинен окуу жайда билим берүүгө канча убакыт кеткен?

— …толук беш жыл. Бул убакыт аралыгында студенттер менен коомдук башталышта кафе, бар жана салынып жаткан «Кыргызстан» [Редакция — учурдагы «Хаятт»] мейманканасынын ресторанынын интерьерин долбоорлоого жетиштим.

Мындай көлөмдөгү жумуш үчүн Көркөм сүрөт фонду чоң акчаларды талап кылмак, бирок шаарда андайлар жок болгондуктан ошондо совминдин төрагасынын орун басары Моисеевдин тапшырмасы менен мени студенттерим менен кошо жөнөтүшкөн.

«Кыргызстан» мейманканасы 1980-жылдар.
«Кыргызстан» мейманканасы 1980-жылдар.

Бул убактарда менин өлкөдөгү Архитекторлор союзу менен мамилем жакшы болуп калган. Жаңы имараттын долбоорун чийип жаткан архитекторлор эгерде Кругман алар менен чогуу болуп калса, бош турган дубалдарга жаңы мазмун берээрин билишкен. Анан мен ири курулуш трестинин долбоордук бөлүмүнө жумушка которулгам. Эки жылдан кийин мага шаардын башкы сүрөтчүсү болууну сунуштаган. Мен бул кызматтын юридикалык укук жана милдеттери жазылбаган, сабала турган баланын кызматы экенин билбей туруп макул болгом.

Партия райкомунун инструктору менден алардын кандайдыр бир пропагандалык иш чарасына эскиздерди чийип беришимди талап кылганга чейин жеткен. Ал эми мен болсо жаңы чыгармачылык концепцияларды иштеп чыккым келчү: шаарга кооз отургучтарды коюп, көчөлөрдү, дүкөн витриналарын жарыктандыруу менен алектенгим келчү… Анан мен бир канча бөлүккө чачырам кетчүмүн.

Дээрлик дайыма шаар бийлиги тарабынан колдоо тапчумун, болгону сүрөтчү кесиптештеримдин эле түшүнбөстүгү келип чыкчу. Менин эс тутумумда Сүрөтчүлөр союзу түнт уюм катары калыптанып калган. Ал эми уюмдун мүчөлөрү аз эмес киреше алып келген буйрутмалардын эсебинен жашап, алардын ой жүгүртүүсүнүн чектеринен чыккан чыгармачыл адамдардын бар экени аларды канааттандырбачу. Алар менен күрөшүү мага көтөрө алгыс оор болчу.

Өзүмдүн «жогорку» кызматымды таштаган соң мен эркин жашоого өткөм.

— «Күнөстүү балыктар» чачыратмасы жөнүндө сүйлөшөлү. Эмнеге чачыратма жасоону чечкенсиз, мисалы ошол кезде модалуу жана кирешелүү болгон имараттын дубалында кооз панно эмес?

— Чачыратма Кыргызстандагы менин алгачкы ишим эмес. Ош шаарында Ак-Буура дарыясынан өткөн көпүрөнүн астында сыра бары ачылган. Анын интерьерин мен долбоорлогом: фасадын майда таштар менен «кийинтип», кыргыздын ала-кийизине окшогон таштан кийиз жасалган; эмеректер, жарык, чөйчөктүн баары менин эскиздерим боюнча жасалган.

Андан тышкары мага Оштогу кымыз барын жасалгалоону сунушташкан. Идея жакшы болчу, имараттын архитектурасы да өтө кооз, мага жаккан. Мен бул имарат үчүн атайын образ таба алгам: ичинен да, тышынан да. Ушуга окшогон башка долбоорлор да болгон, бир гана шаарда эмес, айыл жергесинде да: Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Покровкада, Оштогу Ленин-Жол айылында…

— Негизи, мындай ишке жакшы акча төлөнүшү керек эле…

— Тагыраак айтканда төлөнсө болмок. Бирок менин учурумда эмес. Мен Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү эмес элем да. Ал жакка кирейин деп бир нече жолу аракет кылып, дайыма баш тартып коюшчу, бирок Москва кийлигилип, мени Кыргызстандан сурабай эле СССРдин Сүрөтчүлөр союзуна кабыл алышты.

Көркөм фонддо да жок болчумун, ал эми акчалуу буюртмалардын баары ошол аркылуу өтчү. Андыктан Оштогу жана башка объектилерде мен жумушчу катары катталып, ошого жараша айлык алчумун. Бирок ага анча деле кабатыр болгон эмесмин, мен ошол кезде толкуп-ташып турган чыгармачыл ойлорумдун ишке ашканын көргүм келчү.

Ошол эле Ошто, ошол эле айлык үчүн мен шаардын ортосундагы имараттардын биринде көгүчкөнү бар рельефтик-мозакикалык панно тартып чыктым, кийин аны «Бакыт кушу» деп атап калышты.

Жакында интернетте мен ошол паннонун түстүү сүрөтүн көрүп калып, сүйүнүп кеттим: менин көгүчкөнүм тирүү экен, өзүнчө символ болуп калыптыр, Фрунзедеги «Күнөстүү балыктар» да ошондой болгон. Айтмакчы, Фрунзедеги чачыратма ар түстүү смальтадан тизилсе, көгүчкөн түстүү такталар менен куралган, аны мен өзүм Кувасай фарфор заводунан жасап келгем.

Владимир Кругмандын Оштогу «Бакыт кушу» панносу. Сүрөт: Азат Төрөев
Владимир Кругмандын Оштогу «Бакыт кушу» панносу. Сүрөт: Азат Төрөев.

— Чачыратмага кайрылалычы. Аны жаратуунун идеясы кантип пайда болду жана курулуш ордун тандап алууга эмне таасир этти?

— Фрунзеде Аскар Исаев деген мыкты архитектор иштечү эле, ага Совет көчөсүндөгү 9 кабат үйдүн долбоору таандык [Редакция — азыр Абдрахманов көчөсү, Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үй жөнүндө кеп болуп атат]. Мен Исаевге өз идеямды айттым — ушул имараттын алдында чачыратма салыш керек дедим. Ал муну колдоду.

Шаардын өзүндөй эле күнөстүү жер, чоңдор да, балдар да өзүн жакшы сезгидей микроклимат түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк пайда болду. Куруучулар бригадасында менин мурдагы эки студентим бар эле, калгандары № 2-курулуш башкармалыгынын куруучулары болчу. Мен долбоордун жана эскиздердин автору элем, өз колум менен смальтаны майдалап, коюп жүрдүм.

Иш чатаксыз болгон жок. Сүрөтчүлөр бирикмесинин Көркөм кеңеши чоочун эле киши (көркөм кеңештин көз карашында мен дайыма эле ошондой киши болчумун) шаардан ушундай буюртма алганына моюн сунгусу келбей койду. Бизге ар кандай жолтоо кылып, ансыз деле жарыбаган каражаттан куру жалак калтыргысы келишти. Сүрөтчүлөр бирикмесиндеги кесиптештер менен тил табышайын деп мен аларды өзүмдүн объектилериме — чачыратмага, «Долон» кафесине, балдар кафесине — чакырдым, алар болсо такмазалап, шылдың кылып туруп алышты.

— Кыргызстандан кетишиңизге ошол себеп болдубу?

— Кайсы бир деңгээлде себеп да болду. Мен ага 1986-жылы, 50 жашка толгондо түрткү алдым. Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзу бул датаны байкамаксан болуп койду, 18 жыл иштеп, республикага анча-мынча болсо да пайда келтирген сүрөтчүгө жок дегенде расмий чакыруу да жиберген жок. Ошондо мен Кыргызстанда өз чыгармачыл ойлорумдун эч бирин ишке ашыра албай турганымды түшүнүп, Ленинградга кайтууну чечтим.

— Көп эле жыл өттү, бирок Бишкектин далай тургундары азыр деле сиздин чачыратманы шаардын көркү деп айтышат. Сиз аны куруп жатканда ушундай мамиле болооруна үмүтүңүз бар беле?

— Жок, мен өзүмдүн тушумдагы жашоочуларга ишенич арткам. Кийин болсо Германияда жүргөндө чачыратма кир, чаң, туз басып, эч кимге кереги жок болгонун билгенден кийин таптакыр эле ал жөнүндө унутуп койгум келген.

Бүгүн, ушунча жашка чыккандан кийин (мен 80ден аштым), Бишкекте жашаган кайдыгер эмес кишилер жаңы мэрди (жаш эле киши деп уктум) чачыратманы жандандырууга үндөп, ал ошол кишилердин тилин алганына кубанам. Мага жумушчулар чачыратманы кайра калыбына келтирүүгө даярдап жатышканы тууралуу видеону жиберишти — анын кири менен тузун жууп жатышыптыр.

Смальта бир топ жерлерде түшүп калган, аны калыбына келтириш керек, жаңысын кайдан алышаарын билбейм, бирок бул маселе бир кезде менин учурумдагыдай анча татаал болбосо керек. Мен чачыратманы оңдоп, калыбына келтирип жаткан шаар кызматтарына абдан ыраазымын…

— Германиядагы жашооңуз тууралуу суроо бербесем болчудай эмес: ал жакка эмнеге кеттиңиз эле жана эмне менен алек болдуңуз?

— Бул жерде мен живописчи катары өсө баштадым. Кайра куруу заманында интерьер жана жалпы эле эстетикалык чөйрө менен алектенүүгө мүмкүн болбой калды, өлкө кулап бараткан, бир нерсе кылып акча табыш керек эле, анан мен ошентип живописке кайрылдым.

Горбачевдун кайра куруусу тууралуу кубисттик манерада тарткан сүрөттөрүмдү мен бүт Ленинграддагы жападан-жалгыз «Зеркало» аттуу көркөм салон менен галереяда көргөзмөгө койдум. Галереянын директору, белгилүү өнөр таануучу Юрий Модестович Гоголицын аларды жан дили менен кабыл алып, жакшы сатып берчү. Көрсө менин иштеримдин көбүн отуз жети өлкөдөн келген туристтер сатып алчу экен.

Италиянн Генуя шаарында менин жекече көргөзмөм чоң ийгилик менен өткөн соң мага Италияда иштеп көрүүнү сунуш кылышты. Бирок мен ал учурда менин Кыргызстандагы интерьерлеримди көрүп, мени Нюрнбергге чакырган немис курулушчусунун жана демөөрчүсүнүн чакыруусуна макулдук берип койдум эле. Барганда мен эркиндиктин абасынан биринчи ирет кере дем алып, өзүмө карата таптакыр башка мамилеге туш болдум.

Германия — таза, жакшы каралган, жакшы жасалгаланган, таң каларлык кооз өлкө. Жыйырма эки жылдан бери мен Фюрте деген ажайып чакан шаарда жашап келатам, анда жүз миңден ашпаган киши жашайт, бирок жылына бул жерде эки жүзгө жакын көркөм көргөзмө болуп турат (менин заманымда жарым миллион калкы бар Фрунзеде жыл сайын андайдан ашып кетсе онго жетпеген көргөзмө өткөрүлчү).

Бул жерде мен эркин сүрөтчүмүн, менин өзүмдүн ательем бар, искусство жаатындагы жакын санаалаштар арасында сый-урмат үстүндө жүрөм: менин иштеримди таанышат, аларды 40тан ашуун өлкөдөн келген коллекционерлер сатып алышкан. Менин жекече көргөзмөлөрүм бүт Германия боюнча, Фюрттан Берлинге чейин, Швейцариянын Цюрихинде, Парижде, Брюсселде жана Зальцбургда коюлду. Андай болуш үчүн дайыма эксперимент жүргүзүүгө, дайыма өзүңдө кандайдыр ачылыш жасоого туура келет.

— Мен жашым жетип калганда чоочун өлкөдө туруп калган сүрөтчүмүн деп бир мүнөтчө элестетип көрөлүчү — мен бул жерден ийгиликке жете аламбы?

— Жете аласыз, эгерде өзүңүз үчүн жаңы маданиятка аралашып кете алсаңыз. Кайсы өлкөгө барып калганыңыз маанилүү эмес, бирок сиз орус, кыргыз, украин жана башка сүрөтчү бойдон калсаңыз — сиздин чыгармаларыңызды сатып алышат, бирок батыш көрөрманы үчүн сиз экзотиканын элементи боюнча каласыз.

Сизге жакшы маалым болгондой, мурдагы СССРде ар кандай наамдардын системасы бар эле: эл сүрөтчүсү же акыны, эл артисти же эмгек сиңирген артист. Андай наамдын ээси өз чыгармачыл өсүшү жөнүндө камтама болбой деле койсо болот болчу, анын атагы жана коомдогу абалы камсыз болуп калчу. Бул жерде андай болушу мүмкүн эмес.

Батыштагы көрүүчү негизинен эстетикалык жактан билими абдан жакшы, анан эгерде сүрөтчү жаңы жол издебей, эскисине ыраазы болуп жатып алса — ал ийгиликке жетпейт.

— Маегибиз бүтөөрүндө сурап калайын: азыркы Бишкекке келгиңиз келет беле — барып, конок болуп кеткени? Анан акырында сураарым: сагынычтан арылдыңызбы?

— Бишкек, тагыраак айтканда мурдагы Фрунзе кээде түшүмө кирет. Жалпы эле Кыргызстан сыяктуу. Түштөр ар кандай болот. Бир жолу түшүмдө Бишкектин көчөлөрүндө жүрөм, Кызыл Октябрь көчөсүн издеп таппай жатам, шаарды да тааныбайм.

Мен ал жакта өмүрүмдүн бир бөлүгүн жашап өткөнүмө өкүнбөйм. Бул менин чыгармачыл тагдырымдын бир бөлүгү, анда эмне болду, кандай болду — анын баары өттү-кетти. Бирок мен ал өлкөдө аз болсо да досторду тапкам. Алар жөнүндө Пушкиндин сөздөрү менен айта алам: бир тобу жок, калгандары алыс.

Мыкты адамдардын көзү өтүп кетти — ал журналисттер Леонид Дядюченко жана Вилор Акчурин, архитекторлор Геннадий Кутателадзе жана Рафкат Махамадиев, сүрөтчүлөр Лидия Ильина, Гапар Айтиев жана Евгений Кузовкин (Кыргызстан Сүрөтчүлөр бирикмесинин ушул үч мүчөсү мага бирикмеге кириш үчүн сунуш каттарын жазып беришкен, бирок алардын колдоосу жетиштүү болгон эмес).

Алыс болсо да мурдагы Фрунзедеги менин эки досум — журналисттер Валерий Сандлер жана Александр Баршай азыр да тирүү, сак-саламат. Биринчиси көп жылдан бери Америкада, экинчиси Израилде.

Бишкекке барганбы? Жакшы эле болмок… бирок менин жашымда ал оңой болбойт го. Илгери мен кыйла эле саякаттап жүрчү элем, азыр болсо айрым ооруларым билине баштады, алыс аралыкка учуш мен үчүн кыйын болмок.

Сагыныч тууралуу менин жообум кыска эле: ал менде мурун деле болгон эмес, азыр деле жок. Анткени мен бүтүндөй чыгармачылыкта, иш үстүндө жүрөм жана ошондуктан дайыма керекмин.

Kloop.kg маектин уюштуруучусу жана авторлошу, журналист Валерий Сандлерге өзүнчө ыраазычылык билдирет.

Авторлор: Валерий Сандлер жана Метин Жумагулов

ТЕМА БОЮНЧА: