Мамсанэпидкөзөмөл: Тоскоол айылындагы балдар суудан ууланган эмес

Оорулардын алдын алуу жана мамсанэпидкөзөмөл департаменти Жалал-Абад облусунун 31 окуучу ууланган Тоскоол айылындагы сууну изилдеп көрдү. Изилдөөнүн натыйжасында суу таза болуп чыкты.

Оорулардын алдын алуу жана мамсанэпидкөзөмөл департаментинин директору Төлө Исаков суу лабораторияда изилденгенин айтты.

«Суу таза экен. Балдар бир нерсесин жашырып айтпай атышса керек, балким алар жакында Балыкчыда болгондой химиялык агент же спрей колдонгон болушу мүмкүн. Маселени жеринде укук коргоо органдарынын кызматкерлери иликтеп жатышат», — деди Төлө Исаков.

Буга чейин ооруканага 31 бала кайрылып, алардын 29у ооруканага жаткырылган. Балдардын баары — айыл мектебинин 5-10 классынын окуучулары.

«Алардын абалы канааттандырарлык, бүгүн чыга башташат болуш керек. Суунун үлгүсү алынды, таза болуп чыкты. Ашканадагы тамак да таза болуп чыкты. Азырынча балдар эмне менен ууланганы белгисиз», — дешти Kloop.kgге Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматындагылар.

Уулануунун себептери изилденип, иликтөө жүргүзүлүп жатат. Мурда ууланууга айыл тургундары Тоскоол-Ата дайрасынан жана Масы айылындагы артезиандык кудуктан алган суу себеп болушу мүмкүн деген версия болгон.

Ата-энелеринин айтымында балдар үйдөн ууланышы мүмкүн эмес болчу, анткени акыркы бир нече күн бою көнүмүш эле үйдүн тамагы, жер-жемиш жана суусундук менен тамактанып келишкен.

Уулануунун жагдайларын аныкташ үчүн саламаттык сактоо министринин орун басары Олег Горин жетектеген комиссия түзүлдү.

Сүрөт: «АКИпресс»


ТЕМА БОЮНЧА: