Сапар Исаков президенттикке талапкерлигин койбойт

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков мамлекет башчысынын кызматы үчүн ат салышпай турганын жарыялады.

Сапар Исаков бул тууралуу мурдагы президент Роза Отунбаеванын «Таза коом» долбоору тууралуу билдирүүсүнө комментарий берип жатып өзү айтты.

Отунбаева 12-майда Бишкекте өткөн форумда долбоордун аткарылышы президенттикке талапкерлердин шайлоо алдындагы убадаларына кирбеши керек экенин кеп кылган.

«Кызыкчылыктар кайчы келбеши үчүн, бул документтин (2040-жылга чейин "Таза коом" долбоорунун алкагында өнүгүү стратегиясынын) арналышы жана колдонулушу боюнча тактык жана айкындык болушун каалайт элем. Ал бийликчил партиянын талапкеринин шайлоо алдындагы платформасы болуп калбашы керек», — деген ал.

Буга жооп кайтарып жатып Сапар Исаков долбоорду анын керт башы менен байланыштырып кереги жок экенин, анткени ал президенттик жарышка чыкпай турганын айтты.

«Мен бул долбоорду алдыдагы мамлекет башчысын шайлоого, айрыкча мага байланыштырууну туура көрбөйм, анткени мен өлкө президентинин кызматына талапкерлигимди кое турган ниетим жок», — деп билдирди ал.

Исаков «Таза коом» долбоору тууралуу айтылган сөзү аркылуу Отунбаева өлкөнүн өнүгүшүнө каршы чыгып, эл аралык демөөрчүлөрдү бул долбоорду колдобогонго үндөп жатат деп эсептейт.

Атамбаевдин «оң колу»

Сапар Исаков Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири деп эсептелет.

Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушууда Атамбаев Исаковду өзүнүн «оң колу» катары тааныштырган. Орусиянын президенти Владимир Путин келгенде Атамбаев кол алдындагыларды тааныштырып жатып Исаковго келгенде: «Муну сен жакшы билесиң» деген.

Президенттик аппараттн башчысы болгонго чейин Исаков аппарат башчынын биринчи орун басары болгон, бирок ал кызматта эки эле ай иштеген.

Мурда беш жыл бою ал ошол эле мекемеде тышкы саясат бөлүмүн жетектеген.

2010-жылдагы революцияга чейин Исаков Өнүгүү боюнча борбордук агенттикте (ӨББА) — президент Курманбек Бакиев башкарган акыркы жылы иштеген жана анын уулу Максим жетекчилик кылган мекемеде тышкы саясат жагын башкарган.

Өнүгүү боюнча агенттик Кыргызстандын дээрлик бүт акча каражаттарын көзөмөлдөп турган. Ал революциядан кийин таратылган.

Максим Бакиев Улуу Британияга качып кетип, Кыргызстанда узак мөөнөткө эркинен ажыратууга сыртынан кесилген.

Исаков Максим Бакиевдин мекемесинде иштегенине карабастан бийлик алмашкандан кийин мамлекеттик кызматта ордун сактап калып, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттө иштеген.


ТЕМА БОЮНЧА: