Депутаттар балдарды зордуктагандарды мунапыстан ажыратууну сунуш кылышты

Парламенттин тогуз депутаты жашы жете электерди бузгандардын жазасын күчөтө турган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Алар балдарды зордуктагандар үчүн мунапысты жокко чыгарып, аларды педагогикалык иш менен алектенүү укугунан биротоло ажыратууну сунуш кылышууда.

Парламенттеги төрт ири фракциянын депутаттары жашы жете электерди бузгандардын жазасын күчөткүсү келет.

Өтө маанилүү жаңы ченемдердин бири — балдарды зордуктагандарга каршы кылмыш иши жабыркаган тарап арыз жазбаса деле козголо берет.

«Соттор ыймандын бардык ченемдерин бузуп, жашы жете электердин баштапкы көрсөтмөсү зордуктоо болгонун тастыктап турса да алардын жыныстык катышы "эки тараптын макулдугу менен" болгону тууралуу көрсөтмөсүн негиз тутушууда», — деп эсептейт мыйзам долбоорунун авторлору.

Депутаттар балдарды зордуктагандардын жазасын үч жылдан беш жылга чейин көбөйтүп, аларга педагогикалык иш менен алектенүүгө биротоло тыюу салууну сунуш кылып жатышат.

Түзөтүүлөр жазаны күчөтүүнү гана эмес, балдарды зордуктагандарды мунапыс алуу укугунан ажыратууну да камтыйт.

Балдарды зордуктагандардын жазасын күчөтүү боюнча мыйзам долбоорлорун депутаттар биринчи жолу иштеп чыгып жаткан жери жок.

2013-жылдын башында депутаттар Дастан Бекешев менен Турсунбай Бакир уулу «бачабаздарды химиялык бычуу» — тестостерондун синтезин убактылуу токтотуп кое турган гормоналдык дарыларды колдонуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунуш кылышкан.

Коомчулуктун бул мыйзам долбооруна мамилеси ар кандай болуп чыкты: бирөөлөр депутаттардын сунушун колдоп, бул ыкма маселени чечүүнүн бирден бир жолу дешсе, башкалары мындай жаңы ыкма кылмышкердин андан ары мыйзам бузушуна жолтоо болбой тургандыгын айтышкан.

2013-жылы жайында Алмазбек Атамбаев ал мыйзам долбоорун четке каккан, анткени мыйзамдын аткарылышы коюлган максатка жеткирбейт жана андай кылмыштарды кылгандардын жазасын чындап күчөтпөйт деп эсептеген.


ТЕМА БОЮНЧА: