Видео: Бишкек-Балыкчы жолунда айдоочу бир кызды сүзүп өлтүрүп изин жашырган

Кемин районунун Чым-Коргон айылынын тушундагы Бишкек-Балыкчы жолунда машина бир кызды сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Кырсыктаган кыз ооруканада алган жаракатынан улам каза болгон. Милиция айдоону издеп жатат.

Авария 14-майда болжолдуу 18:20да болгон. Окуяга күбө болгон адам «Фэйсбукка» видео чыгарып, анда машина бир кызды сүзүп кетип изин жашырганын көрүүгө болот.

«Биз үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлгө баратканбыз. Аварияга күбө болдук. Регистратордо жазылып калган, бирок ылдамдык менен аба ырайына байланыштуу машинанын номурун көрүүгө болбойт. Кырсык болгон жерде каптал күзгүсү түшүп калган. Болжолдуу түрдө боз "Мазда". Кимде ким ушундай автомобилди көрсө жардам беришиңерди өтүнөм», — деген күбө.

https://www.facebook.com/bespredelKG/videos/1884849991753213/

Чүй облусунун кайгуул милициясынын басма сөз борборунан кабарлашкандай, кырсыкка кабылган кызды ооруканага жаткырышкан. Бирок ал алган жаракатынан улам көз жумган. Милиция автомобилдин айдоочусун издеп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: