Нарын: Окуучуну автоунаа сүзүп өлтүрүп, айылдыктар жолду тосушту

Нарын облусунун Оттук айылынын 100дөн ашуун тургуну Бишкек-Торугарт жолун тосуп алып, «жатма сакчыларды» орнотууну талап кылышты. Буга андан эки саат мурун жергиликтүү 9 жашар баланы автоунаа коюп кетип, ал жан бергени себеп болду.

«Мерседестин» айдоочусу велосипед тээп бараткан 9 жашар баланы Оттук айылында койдуруп кетти. Айылдын жолу аймак аралык Бишкек-Торугарт кан жолунун курамына кирет.

«Бала алган жаракаттарынан улам каза болуп калды. Аны ооруканага жеткиргенге жетишпей калышты», — деди Kloop.kg менен болгон маекте ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев.

Кыжырланган айыл тургундары жолду тосуп, «жатма сакчыларды» орнотууну талап кылышты.

«Алар айылга кирип бараткан ар бир айдоочу ылдамдыгын басаңдатышын каалап жатышат», — деди Осмонбаев.

КМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Тилек Оторовдун айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү «эң жакын арада»  айылга кире бериште, жергиликтүү мектептин жана бала бакчанын жанында дароо үч жатма сакчы орнотууга убада бергенден кийин чогулгандар тарап кетишти.

Баланы сүзүп кеткен айдоочу 48 саатка кармалды. Тергөө жол кырсыгынын чоо-жайын иликтеп жатат.

Кыргызстанда автоунаалар балдарды сүзүп кеткен учурлар сейрек көрүнүш эмес, акыркы айда эле бул элди дүргүткөн ошондой жол кырсыктарынын үчүнчүсү.

10-май күнү кечинде Бишкектеги «Кудайберген» базарынын жанында автоунаа 15 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кетип, ал жан берген. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен, бирок кийинки күнү кечке жуук милиция аны кармап келди.

Бишкекте 21-апрелде автоунаа эки окуучуну койдуруп кетип, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Балдар оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Көп өтпөй айдоочу кармалып, эки айга ТИЗОго камалды. Окуучулар айыгып келатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: