Жанар Акаев: Венгриядагы гранттык окууга чоңдордун балдары кеткен

Парламент депутаты Жанар Акаев Венгриядагы гранттык окууга депутаттар менен мамлекеттик кызматкерлердин балдары кеткенин айтты. Билим берүү министрлиги конкурстар ачык жүрөөрүн билдирүүдө.

Депутат Жанар Акаев 18-майдагы парламент жыйынында ага Венгрияга гранттык окууга документ тапшырган балдардын ата-энелеринен кайрылуу каттары келип түшүп жатканын билдирди.

2016-жылы Венгрия менен Кыргызстан ал өлкөдө 25 кыргыз студенти окуй турган келишимге кол коюшкан.

Депутаттын айтымында, гранттык окууга 100дөн ашык киши өтүнмө берген, бирок түшүнүксүз себептерден улам алардын документтери тандоо комиссиясына жөнөтүлбөй калган.

«Ал аз келгенсип, резервде турган 25 баланын да документтери жөнөтүлгөн эмес. Кандайдыр сырдуу жол менен алардын ордуна аткаминерлердин: өкмөттүн, парламенттин өкүлдөрүнүн, Билим берүү министрлигинин статс-катчысынын, ошол эле министрликтин бөлүм башчысынын балдары кирген башка тизме жиберилген», — деп билдирди Акаев.

Акаев Билим берүү министрлигинин сайтында Венгрияга окууга сунуш кылынган студенттердин тизмеси да жок болуп чыкканын айтты.

«Мен аткаминерлердин балдары окубасын же чет өлкөдөн окубасын дегеним жок. Мен андай конкурстар ачык жүргүзүлүшү керек деп атам», — деди Акаев.

Билим берүү министрлиги конкурстардын баары ачык өткөрүлөөрүн билдирди. Анын өкүлдөрүнүн айтымында, тизмеде депутаттын баласы бар, бирок ал бардык талаптарга жооп бергендиктен өткөн.

«Экзаменди биз эмес, кабыл алуучу тарап өткөрөт. Биз болгону документтер боюнча баштапкы тандоо өткөрөбүз», — дешти министрликтегилер.


ТЕМА БОЮНЧА: