Милиционерлер уурдалган аккумуляторду мойнуна коюш үчүн адамды кыйнашкан

Башкы прокуратура Чүй облусунун Аламүдүн РИИБнин милиция кызматкерлерине каршы кыйноо боюнча кылмыш ишин козгоду. Милиция өкүлдөрү бир кишини уурдалган аккумуляторду мойнуна коюш үчүн сабап, башына пакет кийгизишкен.

Прокуратурага бир жаран кайрылып, аны милиция кызматкерлери кыйнашканын билдирген. Тергөө Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылынын милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 12-майда ал кишини кармап, бөлүмгө алып барышканын аныктады.

Милициядагылар кармалган кишинин мойнуна уурдалган аккумуляторду коюш үчүн кыйнап киришкен.

«Милиция кызматкерлери кармалган адамдын колуна кишен салып, ар кайсы жерине уруп, башына целлофан пакет кийгизип, дем алдырбай кармашкан», — дешти басма сөз кызматындагылар.

Башкы прокуратура милиция кызматкерлерине карата «Кыйноо» жана «Ыйгарым укуктарынан ашыра пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бул иштин иликтенишин прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Тергөө башкармалыгына өткөрүп берди.


ТЕМА БОЮНЧА: