Жумаев: ФСБ ичинде өлгөндөр түшүмө кирет

Орусиянын Хабаровск шаарында радикал жигиттин кол салуусунан жабыркаган кыргызстандык Талант Жумаев ооруканадан чыкты. 21-апрелде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) Хабаровск башкармалыгына кол салуу болуп, эки адам өлтүрүлгөн.

Маектин түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтына чыккан.

37 жаштагы Жумаев жараат алып, оор абалда реанимацияга жаткырылган. Ал ФСБнын өкүлчүлүгүнө котормочу катары чакырылган. Жумаев ошол күнкү окуя тууралуу буларды айтып берди.

"Азаттык": Талант мырза, каргашалуу кол салуу болгон жерге кандайча барып калдыңыз эле?

Талант Жумаев: Мени Хабаровск шаарындагы Федералдык коопсуздук кызматына радикал топтун мүчөлөрүнүн сурагын которуп берүү үчүн чакырышкан.

Буга чейин да ар кандай соттук иштерде, ушул эле ФСБнын иликтөө иштеринде котормочу катары чакырылып келгендиктен бейкапар эле баргам. Бир бөлмөдө мен, ФСБнын өкүлү жана дагы бир котормочу - өзбек жигит үчөөбүз материалдар менен иштеп жатканбыз. Бир убакта эшик тыкылдап, орус улутундагы жигит ачып "мен атайын чакыруу боюнча келдим” деп айтты. ФСБнын кызматкери сыртка чыгары менен эле "тарс” эткен октун үнү чыкты. Мен алгач "биз коопсуз жайда отурабыз" деген ой менен чочуган деле жокмун. Көп өтпөй эшик ачылып жаңы эле чыгып кеткен атайын кызматтын өкүлү канжалаган тейде жыгылып түштү. Мен нес болуп калдым. Артынан эле орус улутундагы жигит кирип келип, колундагы автоматын октой баштады. Армияда кызмат өтөгөнүм үчүнбү дароо эле жерге жата калдым. Ал мен көмкөрөмдөн жаткан кезде атты. Өлдүм деп ойлодум. Бөлмөдөгү өзбек жигитти да атты. Кайра айланып мени атмакчы болгондо сырттан ФСБнин кызматкерлери келип, кол салган баланы атып өлтүрүштү. Колу-бутумду текшерип көрсөм кыймылдады, ошондо гана тирүүмүн деген сезим пайда болду.

"Азаттык": Атылган ок кайсы жериңизге тийиптир?

Талант Жумаев: Ок белимдин оң жагынан кирип, сол жагынан тешип чыгып кетиптир. Жашоо үчүн маанилүү деп эсептелген органдарга тийген эмес, болгону ичегилеримди тешип кеткен. Эки операциядан соң эсиме келдим.

"Азаттык": Кол салуунун атайын кызматтын имаратынын ичинде күтүүсүз болгонун айтып жатасыз. Эмне максат менен ок чыгарыптыр?

Талант Жумаев: Мен атайын кызматтарга таарынып жүргөн бирөө окшойт, кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында ФСБчини атты го деп ойлодум. Көрсө андай эмес экен. 20-апрелде Гитлердин туулган күнү болуптур. Ошол күндү белгилешкен балдар, шаардагы коопсуздук күчтөрүнүн, полициянын, ФСБнын жана башка органдардын бирден кызматкерин жок кылууну сүйлөшөт. 21-апрелде алар Хабаровскидеги жансакчыларды окутуучу жайдан машыктыруучуну өлтүрүп, 15-20 даана курал уурдап чыгышкан. Бизге кол салган бала бир аптадан кийин 18ге чыкмак экен.

"Азаттык": Кыргызстандагы жакындарыңыз аябай убайым тартса керек?

Талант Жумаев: Атам окуяны Фейсбуктан окуп, эки сааттан кийин эле жолго чыгыптыр. Бирок экөөбүздү төрт күндөн кийин гана жолуктурушту.

"Азаттык": Азыр абалыңыз жакшыбы?

Талант Жумаев: Абалым жакшы, кудайга шүгүр. Үйгө чыктым. Ушул жуманын соңунда Кыргызстанга учуп кетем. Мекениме барып, эс алып, дарыланайын деп жатам. Себеби күндө түшүмө ошол окуя кирет. Орус бала, котормочу өзбек жигит да менин көз алдымда жан беришти. Ошолордун баары түшүмө кирип, чочуп жатам.

"Азаттык": Канча жылдан бери Орусияда эмгектенесиз? Ал жактан котормочулук менен алектенсизби же башка ишиңиз да барбы?

Талант Жумаев: Ооба, Хабаровск шаарында жашаганыма үч жыл болду. Бул жактан соттук, тергөө иштеринде, ФСБга кылмыш иштери боюнча кыргыз жарандарына котормочу болуп келем. Бирок негизги ишим башка. Мобилдик компаниялардын биринин сатуу бөлүмүндө иштейм. Буга чейин Иркутск шаарында да он жыл иштегем.


ТЕМА БОЮНЧА: