Атамбаев: Орусиянын мүшкүлү кыргыз мигранттарында эмес, өгөйлөгөнгө маш өз саясатчыларында

Президент Алмазбек Атамбаев орусиялык айрым саясатчылар жана ЖМКлар «Кыргызстандан барган мигранттарга карата ажаан тилин агытып жатышканын» билдирди. Анын айтымында, Орусиянын мүшкүлү мигранттардын агымында эмес, өлкөдө өгөйчүл маанайды өрчүтүп жаткандарда.

Атамбаев Жеңиш күнүнө карата куттуктоо сөзүндө миграция маселесин козгой кетти.

Ал Орусиянын ЖМКлары жана айрым саясатчылары жакында Санкт-Петербургдун метросунда болгон жарылуудан кийин «Кыргызстандан барган мигранттарга каршы ажаан тилин агытып» жатышканын билдирди.

Президенттин пикиринде, орусиялыктар кыргыздардын жана өзбектердин баарын жардыруу боюнча күнөөлөп, алардан корко бербеши керек.

«Питердеги террордук чабуулда башкы шектүү кыргыздын Ош шаарынан чыкса эле өзбектер менен кыргыздардын баарын күнөөлөй бербеш керек. Башкы шектүү атасы сыяктуу эле Орусиянын жараны болчу да. 16 жашынан бери Орусияда жашаган! Балким дал ошол өгөйсүнтүү менен скинхеддер аны экстремизмге түрткөндүр», — деп эсептейт ал.

Атамбаев Кыргызстан менен Орусия Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда бирге согушканын эске салды. Президент согуш учурунда Орусиядан эвакуациялаган жүз миңдеген адамдар Кыргызстанда башпаанек таап экинчи мекендүү болгонун баса белгиледи.

«Орусиянын мүшкүлү “чоочундар” эмес, Кыргызстандан барган эмгек мигранттары эмес, Орусиянын ичинде өгөйсүнтүнү жана улут аралык араздашууну козгоп жаткан өзүнүн айрым жазуучулары менен саясатчылары», — деп эсептейт Атамбаев.

Мамлекет башчысы өгөйсүнтүү менен расизмге каршы турууну орусиялык саясатчылар Орусиянын президенти Владимир Путинден үйрөнүшү керек деген пикирде.

Петербург метросундагы террордук  чабуул

Санкт-Петербург метросундагы террордук чабуул 3-апрелде «Сенная площадь» жана «Технологический институт» станцияларынын ортосунда болгон.

Орусиянын бийлик өкүлдөрү террордук чабуулдун аткаруучусу катары Кыргызстанда туулган 22 жаштагы Акбаржон Жалиловду күнөөлөп жатышат.

Орусиянын Тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренко Жалиловдун тиешеси ДНК-экспертиза менен ырасталганын билдирген.

Террордук чабуулду уюштуруу боюнча Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны Аброр Азимов да айыпталып жатат. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал метродогу жарылуунун алдында Жалиловго телефон чалган.

Аброр Азимов кармалган соң бир нече күндөн кийин Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы анын бир тууганы Акрам Азимовду камакка алып, аны террордук чабуулду уюштуруш үчүн акча которду деп күнөөлөгөн.

Жарылуудан кийин ФККнын башчысы Александр Бортников Орусиядагы «террорчул топтордун өзөгү» — КМШдан барган мигранттар экенин билдирген.

Орусиянын полициясы террордук чабуулга тиешеси бар деген шектенүү менен жалпысынан сегиз кишини колго түшүрдү — алардын баары Борбор Азиядан барган.

Жардыруунун жоопкерчилигин өзүн «Аль-Каиданын» бир бөлүгү деп атаган «Имам Шамилдин батальону» террордук уюму өзүнө алган.


ТЕМА БОЮНЧА: